Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Баткен

Баткенде 2 жылдан бери кызмат көрсөткөн «Бат-таксинин» түнкү кардарлары өсүүдө

Turmush -  Баткен шаарында «Бат-такси» кызматы шаардыктар үчүн кызмат көрсөтүп жатканына 2 жылдан ашык убакыт өттү.

Аталган кызматтын жетекчиси Маматисак Султанов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдиргендей, такси кызматынын баштапкы баасы 50 сомдон башталып, андан ары жолдун узактыгына жараша калган сумма аныкталат.

«Айдоочу кардар барган жерге 15 мүнөткө чейин күтүп тура алат. Эгер андан ашып кетсе кошумча акча төлөнөт. Биздин кызматтын ачылганына 2 жыл болуп калды. Бирок буга чейин такси белгисин (чашка) койбой эле иштеп келгенбиз. Бирок 2 айдан бери такси белгисин колдонуп иштеп баштасак кардарлардын ишеними пайда болуп, айрыкча түнү кайрылгандардын саны өсүүдө», - деди М.Султанов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3576
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
×