Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Ой-пикир: Нарындагы жаңычыл мектептин болочогу, - К. Усуптегин, Нарын облусу

Turmush -  «Кыргыз Республикасынын мектептеринде окуучуларды тамактандырууну жакшыртуу» боюнча БУУнун Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын долбоорунун тутумуна учурда өлкө боюнча 250 мектеп пилоттук негизде тартылган. Аталган долбоордун Нарын облусундагы координатору Улан Ырайымкулов анын ичинен 42 мектеп Нарын облусунун аймагына туура келе тургандыгын билдирет.

Натыйжада дубандагы башталгыч класстардын 8 миң 546 окуучусу окуу күндөрүндө бир маал ысык тамак ичишүүдө. Бирок долбоор келерки жылдын соңу менен аяктайт. Андан кийин жагдай кандай болмокчу? Бул соболдун жандырмагына орто мектептердин биринин иш-аракеттери жооп бермекчи.
Дөбөлүнүн алгачкы дыңы
Нарын районунун Дөбөлү айылындагы орто мектептин кичинекей окуучулары башка балдардай эле алгачкы жылдарда мамлекет берген 7 сомго карандай чай менен кээ күнү бир үзүм булочка, кээде бир кочушка толбогон печенье жеп жыргап калышкан. Бирок жыл өткөн сайын тендер деген тебишүү саясаттан жеңип алган ишкананын келишимдин шарттарын бузган же болбосо булочкалары эскирип катып калган учурлары байкалган. Ал аңгыча мектеп деректири Назгүл Кадырова айымга МерсиКО уюмунун долбоору аркылуу айрым шаардык мектептердин балдары бир маал буламык жеп жаткандыктары угулат. Иликтесе негизинен ошол эле мамлекет берген 7 сомго сүттөн буламык бергенге болот экен. Тек, долбоорго кирген окуу жайларга керектүү жабдыктар алынып берилиптир.
«Мен айыл өкмөткө барып келишимди бузууга маселе койуп, ушул эле акчага буламык бермей болдук. Себеби айылда сүттү кайра иштетүүчү чакан ишкана бар. Ал жерден пастерленген сүттү алууга болор эле. Ал эми бышыруу милдети өзүбүздүн жоопкерчикте калды», - деди 2012-жылдагы алгачкы жаңылануу тууралуу Назгүл айым.

              Өлкөдөгү алгачкы саамалык

Ошентип бул окуу жайдагы аракет үзүрү Дүйнөлүк азык-түлүк программасынын тутумуна кирүүгө мүмкүнчүлүк берет. Натыйжада балдарга бир маал ысык тамак берүүгө толук шарттар түзүлөт. Башкысы белгилүү болгондой долбоор алкагында ашкана, сактоочу жана тамак бышыруучу жабдыктар менен камсыздалып, экинчиден программанын негизинде ар бир балага күнүнө 60 грамм кондитердик азык берилет. Жыйынтыгында сабакка келген бала күнүнө жапжаңы бышкан ысык булочка же пирожки жегенге мүмкүнчүлүк алышкан. Бирок мындай ийгиликтер мектеп деректирин толук кандуу көңүлүн көтөрүп жибербептир.
«Албетте, бир маал ысык тамак ичкенге шарттар түзүлдү. Бирок биз айылда жашагандыктан улам колубуздагы азыктардан кошумча жардам берүүгө неге болбойт деп ата-энелер менен сүйлөштүк. Акыры картошка, сабиз, кызылчаны сатып албай калдык. Маселен мен өзүм үй-бүлөмдүн атынан 5 мүшөк картошканы ашпозчуларга алып келип бердим. Айыл тургуну Асангары деген тургун бир коюн ветеринардык документин көрсөтүп, союп берди. Өзүбүздүн көмөкчү чарбадан бир эчкинин этин балдарга арнадык. Натыйжада балдарга аптасына эки күн эттүү тамак бергенге жетиштик», - дейт жаңычыл мектеп жетекчиси.
Ошентсе да көңүл кирденткен көрүнүш кайрадан орун аларын Назгүл айым туйбаган экен. Ал учур быйылкы жаңы окуу жылынын октябрь айынын баш ченинде калкып чыккан. Анткени быйылкы жылы 480 сааттык программага ылайык 5-6 жаштагы айылдагы 22 бөбөк мектепке келип 3 саат окуй баштаган. Албетте аларга бир маал тамак бермек түгүл, ашканадан колуна бир булочка берүүгө тыюу салынган. Ал эми бала деген бала да. Алар өздөрүнөн улуу балдардын тамак ичкендерин, колдоруна кармап пирожки де булочка жеп жүргөндөрүн көрүшүп, өздөрү да беркилердей болгулары келет. Байкуш кибирегендер андай шыбагадан куру жалак экенин кайдан билишсин.
«Бир күнү даярдоо класска келип жаткан бир кыздын үйүнө ыйлап барганын, эки-үч күн сабакка келбегендигин уктум. А чындыгында 3 саатта бала ачка болуп деле кетпейт эмеспи. Бирок берки балдарды көрүп, тамак ичпесе да булочка же пирожки жегилери келет экен. Анан ата-энелер менен сүйлөшүп, алар бир күнгө 10 сомдон бере баштады. Жетпеген идиш-аяктарды толуктап сатып беришти. Ошентип 15-октябрдан бери мурда тамак ичип келген 148 окуучуга 22 бөбөктү кошуп аларга дагы кадимкидей ысык тамак бере баштадык», - деп кеп салып берди Н.Кадырова.
Ал эми Дүйнөлүк азык-түлүк программасы долбоорунун кызматкери Эркинбек Ашымов ал көзөмөлгө алган Нарын, Ак-Талаа жана Тогуз-Торо райондорунун долбоорго кирген бир дагы мектебинде даярдоо класска кирген балдарга ысык тамак берүү боло электигин билдирди.

             Эртеңки учурга даярдык

Ошентип жогоруда белгиленгендей келерки жылдын соңу менен Дүйнүлүк азык-түлүк программасы долбоору аягына чыгышы күтүлүүдө. Балким долбоор узартылса, 2017-жылдын окуу жылы аяктаганга чейин созулар. Айтор, мектептер каалайбы, каалабайбы, акыры долбоор бир учурда токтойт эмеспи. Ошондо эң башкысы учурда программа тарабынан берилип жаткан бир балага 60 грамм байытылган ундун каражаты кайдан табылат? Бул суроо Н.Кадырова айымды түйшөлтүүдө экен.
«Биз эсептесек бир жылда ДАТП долбоор менен 34-35 мүшөк ун алат экенбиз. Эртеңки күнү долбоор аяктагандан кийин болжолу ушунча унду камсыз кылууга туура келет. Биринчиси каражатты айылдык кеңеш чечип бериши керек. Экинчиси өзүбүз көмөкчү чарба уюштурууга туура келүүдө. Азыр биздин 50 сотых жерибиз бар. Ага чөп айдаганбыз. Эми айыл өкмөт 2 гектар жер чечип берсе, анын бир гектар чөбүн сатуу менен жана калган 50 сотых жердин чөбүн малга тоют камдоого жана 50 сотыхына жашылча-жемиш айдасак дейбиз. Себеби азыркы тапта көмөкчү чарбабызда 10 эчки бар. Анын башын көбөйтсөк, эт маселеси чечилмек. Айтор биз балдардын тамактануусун үзгүлтүккө учуратпаш үчүн бардык мүмкүнчүлүктөрдү ишке ашыруу үстүндө эмгектенип жатабыз», - деди Назгүл Кадырова.

           Жазган: Күмөндөр Усуптегин, Нарын облусу
Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4152
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×