Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-июль
Ош облусуАлай району 09.12.2015 16:27

Айыл турмушу: Аккордеондо мыкты ойногон алайлык уста А.Мырзаев эл сүйгөн ырчы болууну каалайт

Turmush -  Алай районунун Гүлчө айылынын тургуну Абдыжапар Мырзаев жаш кезинен бери устачылык менен алектенет.

А.Мырзаев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, учурда ал устачылык өнөрүн токтотуп, аккордеон ойноону өздөштүргөн. Ал жаш кезинен бери кыялданган ырчылык өнөрүн ишке ашырып, 2 жыл аралыгында музыкалык аспапты үйрөнүүгө жетишкен.

«15 жашымдан баштап аттын ээрин чаап, андан кийин устачылык менен үй-бүлөмдү багып келем. Мен жаш кезимен эле устачылыкка кызыгып, колумдан келген буюмдарды жасап жүргөм. 15 жашымда аттын ээрин чаптым. Ал ээрди болжолдоп эле чаап, акырында үйрөнүп алгам. Кийин комуз чабууга аракеттенип, аны өздөштүрүп алдым. Алгач жаш балдарга оюнчук комуздарды жасап сатып, каражат таба баштадым. Жыгач усталыктан кийин темир устачылыкка өтүп, аттын такасын, мештерди жасап баштадым», - дейт ал.

А.Мырзаев жасаган мештер райондогу мектептерге коюлуп, алар кымбат баада сатылат.

«Атайын буюртма менен мештерди жасап, аларды мектеп, бала бакчаларга сатам. Бир меш 15 миң сомдон 40 миң сомго чейин бааланат. Азыр көпчүлүк жасалган мештерди көп кабаттуу мектептерге жана бала бакчаларга орнотуп жатабыз. Устачылык өнөрүм менен үй-бүлөмдү багып жатам», - деди А.Мырзаев.

Мындан тышкары, ал ырчылык өнөрүн аркалоого аракет көрүп келет. Ал мындан эки жыл мурда устачылык ишин азайтып, жаш кезинен кыялданган ырчылыкка көбүрөөк басым жасап баштаган. Учурда аккордеон чертип, ырларды жаратууда.

«Жашым улгайып калган учурда ырчылыкка кызыга баштадым. Себеби, жаш кезимден эле комуз чертип калчу элем. Кийин аккордеон сатып алып, анда ойногонду үйрөнө баштадым. Эки жыл аралыгында өзүм ырларды жазып, аларга обон жаза баштадым. Музыка жаатында нота тааныбаганым менен үйрөнүп алган ырларымды черте берем. Учурда чыгармачылык менен алектенип жатам. Келечекте мыкты обондорду жаратсам деп ойлойм», - деп кошумчалады А.Мырзаев.

Мырзаев учурда өзү жазган 10дон ашуун ырына обон чыгарды. Ал тагдырдын татаалдыгын чагылдырган ырларды ырдап, элдин купулуна толууну каалайт.

Абдыжапар Мырзаев учурда 49 жашта. Мектепти аяктагандан кийин шартына байланыштуу билим албай, устачылык менен алектенип баштаган. Анын 6 уулу, 7 небереси бар.

545

56

55

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×