Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Ысык-Көл

Ой-пикир: Жан кейиткен жакырчылык — үй-бүлөдөгү балдар үчүн оор сокку, - Т.Орузбаев, Тоң району

Turmush -  Жакырчылык ириде жалкоолуктун, аракечтиктин айынан болорун турмуш өзү ырастоодо. Чындыгында жакырчылык айрыкча үй-бүлөдөгү балдар үчүн оор сокку. Мындай үй-бүлөдөгү балдар ар дайым өп-чап турмушта жашайт. Кез-кезде гана ысык тамак ичпесе, көбүнесе карандай чай, нан алардын көкөйүнө көк талкандай тийген учурлар көп кездешет. Анысы аз келгенсип жупуну кийинген балдар классташтарынан корунуп, маанайы пас, жүдөңкү абалда эптеп-септеп күн өткөрөт.

Ар бир айылдын жашоочулары өз айылындагы жакыр жашаган адамдарды жакшы билишет. Ошондой болсо да айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн атайын топ жыл сайын аларга барып, жашоо шартынан кабар алышат. Мындай үй-бүлөлөрдүн эмне себептен жакырчылыкка кептелгенин жана ошондой эле жүйөлүү, жүйөсүз себептерин аныкташат. Ушул жагдайлардын негизинде жардамдар көрсөтүлөт. Мисалы быйылкы окуу жылында Төрт-Күл айылындагы Болот Мамбетов атындагы орто мектепте окуган 10 окуучу бир ай бою сабакка барган эмес. Мектеп директору ал балдардын акыбалын жакшы билгендиктен бул маселени айыл өкмөтүнө билдирип, жардам сурап кайрылган. Төрт-Күл айыл аймагынын өкмөт башчысы Турдакун Касымов өзү баштап айылдарды кыдырып чыкты. Жакыр үй-бүлөлөрдөгү балдардын ата-энеси кийим-кечек сатып берүүгө каражаттын жетишсиздигин жашырган жок. Айыл өкмөтүнүн өздүк фондунан атайын каражат бөлүнүп, балдар жаңы кийимдүү болушту.

Жалпысынан Төрт-Күл айыл аймагында 316 адам жакырчылыкта, анын ичинен 83 адам эң жакыр жашаары аныкталган. Мындай адамдардын жашоосун жакшыртууга ар кандай аракеттер көрүлүп келет. Өткөн жылы алардын үлүш жерлерин акысыз айдап берүү, үрөн себүү, үрөн менен камсыздоо сыяктуу иштер аткарылган. Айылдардагы малдуу, жандуу, өз эмгеги, аракети менен байыган фермерлер да жакыр үй-бүлөлөргө көмөк көрсөтүп келишет.

Жазган: Тукен Орузбаев, Тоң району

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4566
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×