Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 09.12.2015 12:11

Айыл турмушу: Т.Буруков жана К.Жолдошев Тоң районунда алгачкылардан болуп курулуш материалдарын чыгарган ишкерлер

Turmush -  Тоң районунун Төрт-Күл айылынын тургуну Телман Буруков район боюнча алгачкылардан болуп кыш чыгара турган чакан цех ачкан. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Учурда Тоңдун көпчүлүк айылдарында дал ушундай кыш чыгара турган ишканалар иштеп жатат. Мындан 3-4 жыл мурда айыл тургундары кышты шаарга барып, жолуна, ташып келгенине каражат жумшап, бир топ чыгым болушкан. Азыр кыш чыгаруучу ишканалар ишке киргендиктен айыл тургундары мындай убарачылыктан кутулушту. Алар дал ушул кыштар менен заңгыраган короолорду, мал сарайларды жана үйлөрдү салууда.

Ал эми Төрт-Күл айылынын тургуну Калыс Жолдошев желим терезе жасай турган цех ачып, жалпы элге жарыгы тийүүдө. Анын эки жардамчысы бар. Алар жасаган желим терезелер көркөмдүүлүгү жана бышыктыгы менен айырмаланып турат. Андыктан аларга болгон суроо-талап да күн санап өсүүдө.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×