Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Нарын

Ой-пикир: Кыргыз журтчулугун кубандырган 6 миллионунчулар! - А.Сагыналы уулу, Ак-Талаа району (фото)

Turmush -  Ошентип эчен-эчен эраларды башынан өткөрүп, кылым кыйырларын карытып, канчалаган кыргын-сүргөндөрдөн, кыйын-кезеңдерди көрүп,

Чайпалып бирок төгүлбөй,

Чачырап бирок бөлүнбөй,

Чабылып бирок бүлүнбөй, кылым кыргындарынан, узакка созулган согуштардын далайына чыдап, душмандарына бирде жеңилсе, бирде моюн бербей, бирде жеңип келген ошол айбаттуу аталарыбыздын, баатыр бабаларыбыздын эрдиги менен Ала-Тоодой жерибиз, ак калпак улуу кыргыз элибиз сакталып, ошол кездерден, ушул кездерге чейин кыйынчылыктардын барына чыдап жашап келишкен эмеспи. Мына, ошол жоокерчилик замандарда эчендеген эр-азаматтар мертинип, эркек аттуунун баары кан майданга аттанып, кайтканы кайтып, кайтпаганы кайрылгыс сапарга кетип, кыргыз улуту аз санда болуп калганы дагы ушундай жоокерчилик замандын эпкининен болсо керек. Андан бери далай-далай мезгилдер өтүп, кан-жаныбызга, улуттук менталитетибизге сиңип, муюп калган эркин жүргөн эл, кайрадан өз эркиндигин самап, даанышман саясий коомдук ишмерлерибиздин саясий аракеттеринин арты менен кыргыз деген улут кайрадан өзүнүн улуу дөөлөтүн же башкача айтканда мамлекеттүүлүгүн түптөп, эгемендүү өлкөгө айланып, өз алдынча бийлик жүргүзүп, өз алдынча өкүм чыгарып, аз сандагы калкы болсо дагы дүйнөлүк картадан Кыргыз Республикасы деген мамлекет орун алып, жашап келет. Болбосо, дүйнөдө 10 миллиондон ашык канчалаган улуттар учурда өз мамлекети жок, өз билгенинче бийлик жүргүзө албай жашап келгени ырас эмеспи.

Мына ушул улуу кыргыз элинин саны 25-ноябрь күнү 6 миллионго жетип, бүткүл кыргыз эли кубанып турган чагы. Арийне ушул күнү Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны болгон кыз 25-ноябрда саат 18:12де Ош шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келди. Учурда эне менен баланын абалы жакшы. 6 миллионунчу жаранды 39 жаштагы Белекова Рахат жарыкка алып келди. Ага Айлин аттуу ысым ыйгарышты.

6

Андан сырткары, 6-миллионунчу наристе менен бир учурда дагы 13 наристе жарык дүйнөгө келип, кыргыз элин кубанычка бөлөдү.

Ошондон улам, Кыргыз Республикасынын президенти Алмазбек Атамбаев кол койгон буйрукка ылайык, алты миллионунчу кыргызстандык жаран Айлин Кожошева менен болжолдуу бир мезгилде төрөлгөн 14 ымыркайдын үй-бүлөсүнө материалдык жардам көрсөтүү үчүн Президенттин социалдык коргоо жана колдоо фондунан 1 млн 400 миң сом бөлүндү.

Алты миллионунчу кыргызстандык жаранды аныктаган түзүмдөр аралык жумушчу топ ушул жылдын 27-ноябрында Кыргыз Республикасынын президентинин аппаратына 25-ноябрь саат 18:00дөн 26-ноябрдын эртең мененки саат 06:00гө чейинки аралыкта төрөлгөн 122 ымыркайдын тизмесин берген.

Ошол тизмеден алты миллионунчу ымыркай жарык дүйнөгө келген убакытка эң жакын аралыкта төрөлгөн 10 наристе аныкталган. Тизмеге Ош облусунан үч эне, Ош шаарынан бир, Нарын жана Жалал-Абад облустарынан экиден, Ысык-Көл жана Баткен облустарынан бирден эне киргизилген. Бардыгы болуп 6 эркек жана 4 кыз төрөлгөн.

Ошол эле учурда тизмедеги он адамдын катарына Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында төрөлгөн ымыркайлар кирбей калган.

Өлкөнүн бардык региондорун камтуу максатында жогоруда аталган тизмеге кошумча түрдө Бишкек шаарында жана Чүй, Талас облустарында төрөлгөн бирден ымыркай кошуу сунушталган. Ошентип президент Алмазбек Атамбаев алты миллионунчу кыргызстандык жаран Айлин Кожошеваны кошкондо 14 ымыркайдын үй-бүлөсүнө бир жолку материалдык жардам көрсөттү.

Алар:

1. Ахунова Нурзида Абдилдаевна, Ош облусу;

2. Башихтинова Матлюба Нурматовна, Жалал-Абад облусу;

3. Бусурман кызы Айкөкүл, Ош облусу;

4. Каныбек кызы Махабат, Ош облусу;

5. Кубанычбек кызы Сымбат, Ысык-Көл облусу;

6. Мамажанова Наргиза Номанжановна, Ош шаары;

7. Махмадшоева Гүлмира Турсуналиевна, Чүй облусу;

8. Никонова Екатерина Викторовна, Бишкек шаары;

9. Пахырова Тазагүл Гапаровна, Баткен облусу;

10. Токтомамбетова Рамила Жакшылыковна, Талас облусу;

11. Токтоназарова Нургүль Самидиновна, Жалал-Абад облусу;

12. Урматбек кызы Атыркүл, Нарын облусу;

13. Чойбек кызы Назира, Нарын облусу.

Мына ушул жалпы кыргыз журтчулугуна келген жакшылыктан Ак-Талаа району дагы куру калган жок. Анткени Кыргызстандын 6 миллионунчу наристеси менен бир учурда жарык дүйнөгө келген 10 наристенин катарын Баетов айылынан 25 жаштагы Назира Чойбек кызы райондук төрөт үйүндө 25-ноябрь күнү саат 18:00дө 2 килограмм 750 грамм салмакта уул төрөп, 6-миллиондук наристе менен бир учурда төрөлгөн 13 наристенин бири болуп катталды.

Н.Чойбек кызынын төрөтүн райондук төрөт бөлүмүнүн башкы дарыгери Гүлзуура Чолпонбаева кабыл алган. Буга мамлекет тарабынан айтылган 100 миң сом  сүйүнчү акча берилмекчи.

«Мен абдан кубанып турам. Президент Алмазбек Атамбаев Шаршеновичке абдан ыраазымын. Мындай болот деп күткөн эмесмин. Жолдошум Азамат экөөбүздүн 2-балабыз. Кыргызстанга ар дайым бакыттын нуру чачырап турсун деп, үй-бүлөбүз менен бирге уулубузга Нурбакыт деген ысым ыйгардык. Аябай толкунданып турам», - дейт Назира Чойбек кызы.

Акимдин орун басары Жылдыз Мамбетова, дарыгерлер, айыл өкмөттүн адистери Нурбакыттын абалынан кабар алып, энеси Н.Чойбек кызын куттуктап, ага гүлдесте сунуп, белектерин тапшырышты.

«Биз дагы абдан кубанып жатабыз. Н.Чойбек кызы төрөт үйүнө саат 18:00гө жакын келген. Дароо эле, эч кыйналбай төрөдү. Учурда наристенин да эненин да ден соолугу жакшы» - дейт дарыгер Г.Чолпонбаева.

Ырас, 6 миллионунчулардын ден соолугу чың, жашоосу бакубат, жүрөгү ыйманга толгон, ар дайым жакшылык жылоолоп жүргөн адамдар болуп чоңойсун дейли.

Н.Чойбек кызы уулу менен

_DSC0139

_DSC0137

_DSC0134

Жазган: Адилет Сагыналы уулу, Ак-Талаа району

Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Айлин 25-ноябрда саат 18:12де Ош шаарындагы төрөт үйүндө жарыкка келди. Ал Улуттук гвардиянын №703 аскер бөлүгүнүн командири Алмаз Кожошев менен 39 жаштагы Рахат Белекованын 6-баласы болду. Эми алар 3 уул менен 3 кыздын ата-энеси.

Видео, фото - Кыргызстандык 6 миллионунчу жарандын чоң үй-бүлөсү 

Туулгандыгы тууралуу алтын күбөлүк тапшырылган Айлин менен апасы 28-ноябрда салтанаттуу түрдө төрөт үйүнөн өз үйүнө чыгарылды. Ошондой эле Кыргызстандын 6 миллионунчу жаранына мамлекет тараптан 1 миллион сомдун сертификаты, 4 бөлмөлүү үйдүн ачкычы жана өлкө башчысы Алмазбек Атамбаевдин атынан 100 миң сүйүнчү берилди.

Президент 6 миллиончу кыргызстандык менен болжолдуу бир мезгилде төрөлгөн 14 ымыркайга 1,4 млн сом бөлдү (энелердин тизмеси)

Фото - Баткендин тургуну Т.Пазылова 3-кызын Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен бир учурда жарыкка алып келди

Фото - Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен бир убакта төрөлгөн 14 ымыркайдын катарын токтогулдук Билал толуктады

Ноокендик эне 6-кызын Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны Айлин менен бир учурда жарыкка алып келди (фото)

Фото - Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен бир учурда жарык дүйнөгө келген 10 ымыркайдын бирин 25 жаштагы ак-талаалык эне төрөдү

Фото - 18 жаштагы Сымбат биринчи кызын Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен бир учурда төрөдү

6 миллионунчу жарандын энеси менен бир учурда көз жарган 14 эненин бири Манас районунун 18 жаштагы тургуну Р.Токтомамбетова (фото)

Фото - 2-кызын Кыргызстандын 6 миллионунчу жараны менен бир учурда төрөгөн 23 жаштагы Махабат баатыр эне болууну кыялданат

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 11038
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
13:02,   25.04.2018   ( 27 адам окуп жатат)
×