Бөлүмдөр
Жума, 20-июль
Жалал-Абад

Ой пикир: Кара-Көлдөгү мекеме-ишканаларда аялдар жумасына 36 саат гана иштеши керек, - тургун Ж.Асанов

Turmush -  Кара-Көл шаарында аялдар кайсы мекеме-ишканада иштегенине карабай жумасына кыскартылган 36 сааттык жумуш убактысынын негизинде иш алып баруусу керек.

Анткени, 1996-жылдын 28-июнундагы КРнын №33 мыйзамынын 18-беренесинде бул так көрсөтүлгөн.

Бул боюнча шаардык прокурордун буйругунда, аткаруу бөлүмүнүн аткаруу баракчаларында ачык көрсөтүлгөн.

Ошондой эле, Кара-Көл шаары бийик тоолуу райондордун катарына кирбейт, ал алыскы жана жетүүгө кыйын болгон аймакка кирет. Бул боюнча мурунку эмгек, миграция жана жаштар министри Айгүл Рыскуловага кайрылганымда, ал дагы мыйзамдын туура экендигин белгилеп, колдогон.

Бирок, ошол кездеги министрдин биринчи катчысы М.Бакашов, А.Султанмуратов жана Жалал-Абад облусунун райондор аралык эмгек мамлекеттик инспекциясынын башчысы Б.Абдыразакова өңдүү сабатсыздар берген туура эмес көрсөтмөлөрүнүн негизинде соттор дагы баштары айланып, азыркыга чейин туура эмес чечим чыгаргандыгына байланыштуу, Кара-Көл шаарынын аялдары мыйзамда жазылган эмгек убактысы менен иштебей келет.

Алар: «Сиз аялдарга тиешелүү мыйзамдын иштебегенин айтып эмне кыласыз?», - деп жооп кайтарышат.

Мен мындай мыйзамсыз иштерди көрүп, чыдай алган жокмун. Элди караңгы деп, кызмат ордунан кыянаттык менен пайдаланып, элди кыйнай беришеби? Учурдагы бийлик ушул нерсеге көңүл буруп, бул маселени чечип бериши керек.

Жазган: Токтогул Каскаддар ГЭСинин мурунку кызматкери Ж.Асанов 

45

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5286
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×