Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Жалал-Абад облусу, Жалал-Абад 08.12.2015 08:15

Айыл турмушу: Жалал-абаддык мугалим Ж.Карагулов музыкалык аспаптардын түрүн оңдойт (фото)

Turmush -  Жалал-Абад шаарындагы Барпы Алыкулов атындагы маданият техникумунун мугалими жана устасы Жумагул Карагулов музыкалык аспаптардын түрүн оңдойт.

Ж.Карагулов Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал музыкалык аспаптарды оңдоодон тышкары жаңгактан жана өрүктөн комуз чабат.

Комуз, аккордеон, баян, мандолина, барабан, фортепиано жана пианинону да оңдоп, күүгө салып, аталган аспаптар аркылуу түрдүү обондорду аткарат.

Мындан тышкары, ал менчик автоунаасын да өзү оңдогон. Үйүн да уулу экөө өз колу менен курушкан.

Ал Жалал-Абад шаарындагы жана Сузак районундагы музыкалык окуу жайлардын аспаптарын оңдоп берет. Анын айтымында, Жумагулдун бир туугандарынын баары комуз чертишет. Ал комуз черткенди атасынан үйрөнгөн.

Орто мектепти бүткөндөн кийин Ош шаарындагы музыкалык окуу жайынын орус музыкалык аспаптары бөлүмүн аяктап, Майлуу-Суу шаарындагы «Назик» эстрадалык тобунда ойноп, Фрунзе шаарында өткөн «Студенттик жаз - 80» фестивалынын лауреаты да болгон.

Маданият тармагында үзүрлүү эмгектенгени үчүн «Кыргыз Республикасынын маданиятынын отличниги» төш белгиси жана Ноокен райондук мамлекеттик администрациясы менен өкмөттүн Жалал-Абад облустук өкүлчүлүгүнүн Ардак грамоталары менен сыйланган.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×