Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Ой-пикир: Шаар ичинде жүргөн малдарды көзөмөлгө алуу кимдин милдети?, - А.Абдыласов, Нарын шаары (фото)

Turmush -  Күз айларында жайлоодон малдар түшкөндөн бери Нарын шаарынын көчөлөрүндө алар таштандыны аралап, шаардын унаа айдоочуларына да тоскоолуктарды жаратууда. Ал эми шаарга келген коноктор шаар деген аты болбосо айылдагыдай эле малдар көчөлөрдө ээн-эркин басып жүргөнүн айтышууда.

Нарын шаарынын тургундарынын пикири боюнча, малды жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алып, атайын камактарды уюштуруусу зарыл. Анткени шаарды башкарып, ирээтке келтирүү — бул жергиликтүү бийликтин колунда.

«Азыр шаардын таштанды челектеринин жанынан аны аралап жүргөн уйларды көрөсүң. Аны жергиликтүү бийлик көзөмөлгө алып, ээлерине айып пулдарды салып, малды шаар сыртына багуу боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзсө мындай көрүнүштөр кайталанбайт эле», - дейт Нарын шаарынын тургуну Адилет Асанов.

Бирок шаар ичиндеги малдарды бир калыпка келтирүү жана ээлеринин мал багууда милдетин арттыруу үчүн Нарын шаардык кеңеши 2014-жылдын 3-апрелинде «Нарын шаарынын парктарындагы бак-дарактарга, жашыл аянттарга зыян келтирген шаар тургандарынын мал-жандыктарына, бак-дарактарды кыйган жеке жана юридикалык жактарга айып акча салуунун тарифин бекитүү жөнүндө» токтомун кабыл алып, атайын мал камоочу жайларды уюштурушкан. Мындай чыгарылган токтом иш жүзүндө солгун болууда.

Токтомдун чала аткарылышы шаарда атайын мал багуу боюнча эреже иштелип чыкпаганында, деп билдирет Нарын шаардык жашылдандыруу мекемесинин жетекчиси Абылмажин Токонов.

«Биз №4 токтомду аткаруу максатында малдарды камап жатабыз. Азыр шаарда мал камоочу 2 жай уюштурулган. Бирок малдын ээлери малын издеп келбегендиктен эки күндөн кийин ачкадан өлтүрүп албайлы деп кайра бошотуп жиберип жатабыз. Буга чейин малдарын кароосуз калтыруудан эки уй өлдү. Өлгөн учурда да ээлери малын издеп келип коюшкан жок. Ал эми биздин мал ээлерине айтууга укугубуз жок болууда. Себеби шаарда мал багуунун эрежелери иштелип чыккан эмес», - деп билдирди.

Ошондой эле А.Токоновдун ою боюнча, мал ээлери мал багууда өз милдеттерин толук билишпейт жана малы жоголуп кетсе ага жашылдандыруу ишканасын күнөөлөшөт.

«Малдын этин жеп, сүтүн ичкенди эле билбестен аны бакканды да билүү зарыл. Ал эми мал ээлери малдарын эртең менен короодон чыгарып жиберишет да өздөрү башка жумуш менен алек болушат. Анын кесепетинен улам малдары жоголгон учурда мал ээлери бизди күнөөлөшүүдө. Мал камактарга кароосуз жүргөн малдарды камап койсок, ээлери келип түн ичинде кулпусун сындырып малдарын чыгарып кетүүдө», - деп айтты Токонов.

Шаарда мал багуучулар малдарын кароого убактылары жок болгондуктан кароосуз чыгарып жиберигендерин айтышат.

«Малды атайын кароо үчүн бир кишинин колун кармайт. Шаарда малды деле көп кармабайбыз. Ашып кетсе эки уй. Аны карайт элем деп бир күндүк убактымды кетиремби? Мал карап жүрө берсем башка жумуштар калып калат. Мал менен эле үй-бүлөө багууга мүмкүн эмес», - деген оюн айтат Нарын шаарынын Асема аттуу тургуну.

Шаар ичиндеги малдарды көзөмөлгө алуу жергиликтүү бийликтин да шаар тургундарынын да милдети экенин серепчилер айтышат. Алардын пикири боюнча жергиликтүү бийлик малдарды багуунун жана мал ээлеринин милдеттири жана укуктары боюнча эреже иштеп чыгуусу зарылдыгын жана шаар четиндеги жайыттарга жаюуда коопсуздук маселесин карап берүүсү зарылдыгын белгилешет.

Ошондой эле мал ээлери малдарын кайтарып же короосунан чыгарбай жашоосу керектигин айтып, кыргыз эли байыртадан малдарын кайтарып келгенин баса көрсөтүшөт. Мындан сырткары жугуштуу ооруулар да малдарды кароосуз калтыруудан улам көбөйүп жатканын айтышат. Себеби малдар таштандыга ташталган азыктарды жеп, анын сүтүн, этин элдер сатып алып, пайдаланышууда.

Жазган: Аман Абдыласов, Нарын шаары

Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4922
Көп окулду
×