Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Чүй облусуПанфилов району 07.12.2015 10:45

Айыл турмушу: Жашоодогу урааным — 1 мүнөт да жумушсуз жүрбөө, - Панфилов районундагы алгачкы ишкер айым (фото)

Turmush -  Чүй облусунун Панфилов районуна караштуу Кайыңды шаарынын тургуну Светлана Аманкулова жеке ишкерлик менен алектенип келе жаткандыгына 22 жылдын жүзү болду. Бүгүнкү күндө ал шаардын борборундагы кондитердик цехтин, набайкананын жана чакан ашкананын кожоюну экендигин Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, жашоодогу урааны — 1 мүнөт да жумушсуз калбоо.

«Советтер Союзу тарагандан кийин биз жолдошум экөөбүз жумушсуз калдык да, Кара-Балта шаарында шоколад батондорун жана балмуздактарды чыгарып, базардын жанына өзүбүз эле орун ачып, сата баштаганбыз. Башталгыч капиталды ошол жумуштан топтодук. Мен товарды жөн эле алып кайра сатууну көп жактыра бербейм. Табиятымдан көп убакыт бекер отура албайм, кандайдыр бир олуттуу иштер менен алектенгим келген жанмын. Ошентип иштеп жүргөн учурда Кара-Балта шаарындагы наабайканалардын бирин сатып алуу мүмкүнчүлүгү жаралып калды. Бирок мен ага чейин нан менен иштеп көрбөгөндүктөн, наабайкананын мурунку кожойкесинен бул бизнестин жол-жобосун үйрөтүп коюуну өтүндүм. Ошентип отуруп бул абдан түйшүктүү жумуш экенин түшүндүм да барын өзүм көзөмөлгө ала баштадым. Эртең менен саат төрттө туруп камыр жасап, ал камыр ачыганча күтөсүң.  Андан соң нанды жасап, жабабыз. Таң эрте сатуучулар жаңы, жумшак, ысык нанды сатып алганга даяр болуш керек», - деди ишкер айым.

Ал кошумчалагандай, наабайкана Кара-Балта шаарында жайгашканы менен алардын үй-бүлөсү Панфилов районунда жашап, жолдун алыстыгы кыйынчылыктарды жарата баштаган. Мындан улам Кара-Балта шаарындагы наабайканасын сатууга туура келген.

Кийинчерээк Кайыңды шаарынан тамак-аш сатылуучу дүкөндү сатып алган. Учурда аталган дүкөндү кызы жетектейт. Ал эми өзү шаарда кондитердик цех жана наабайкана ачууга жетишкен. 

Бир кезде анын ишканаларында 40 киши эмгектенсе, учурда алардын санын азайтууга туура келип, 10 адам жумуш менен камсыздалган.

«Азыр каржылык каатчылык болуп жаткандыгына байланыштуу жумушчулардын санын азайтууга туура келди. Көпчүлүк жумуштарды өзүм аткара баштадым. Мага өзүмдүн жумушум, өзгөчө нан даярдоо абдан жагат. Учурда көпчүлүк наабайканалар нанга химиялык заттарды, жыпарланткычтарды кошуп жаткандыгы мени капалантат. Мен болсо таза нан даярдоо үчүн андай нерселерди кошпойм, андыктан таза нандын жыты жана өңү сакталат», - деди С.Аманкулова.

Ал белгилегендей, анын ишканаларында даярдалган азыктар Москва, Панфилов, Жайыл райондоруна таратылат.

Светлана Аманкулова бир гана ишкерчилик менен алектенбестен коомдук иштердин да активисти, Кайыңды шаардык кеңешинин депутаты, жароокер жар, беш баланын энеси.

Өзүнүн ишкерлик менен алектенген жылдарында бухгалтер, кондитер, наабайчы, ашпозчу кесиптерин ийне-жибине чейин өздөштүрө алды.

«Мен ашкананы оңдоп-түздөөдөн өткөрүп, банкет зал кылайын деп пландап жатам. Буга байланыштуу даамдуу тамактарды даярдаганды ашпозчулардан окуп үйрөндүм», - деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×