Бөлүмдөр
Бейшемби, 18-июль
Ош облусуАлай району 05.12.2015 14:36

Айыл турмушу: 10 жыл чычырканак саткан Алайдын Корул айылынын тургуну Б.Нуркулова анын касиеттерин айтып берди (фото)

Turmush -  Алай районунун тургуну Бузейнеп Нуркулова 10 жылдан бери чычырканак сатуу менен алектенет. Ал Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, чычырканак ашказан ооруларын айыктырууда жардамы чоң. «Мен чычырканак жана бөрү карагатты көп жылдан бери сатып келем. Чычырканактын пайдасы көп. Аны көбүнчө ашказаны ооругандар, чачы түшкөн адамдар сурашат. Чычырканактын майы муун ооруларына дагы жакшы. Акыркы убактарда чычырканакка болгон суроо-талап дагы жогору болууда. Чычырканактын ширесин көп сурашат. Негизи анын маңызында витаминдер көп», - деди ал.

Б.Нуркулова Чоң-Алайда өскөн чычырканактын эң жакшы экендигин айтат. Анткени алар кар жаагандан соң чычырканакты теришет.

«Бул өсүмдүк ысык жерлерде күз айынын башында эле быша баштайт. Кара-Суу районундагы чычырканактардын мөмөсү чоң болгону менен суусу көп болуп, кыям жасаганда суюк болуп калат. Ал эми Чоң-Алайдын чычырканактары кар жаагандан соң терилгендиктин, мөмөсү майда болуп, кыям жасаганда, сок жасаганда коюу болот. Чычырканактан 2 түрдүү кыям жасашат. Биринчиси сок түрүндө, экинчиси маңызы менен кошо кайнатылат. Маңызы менен жасалган кыямдын пайдасы да жогору болот», - дейт Б.Нуркулова.

Ал 1 кг чычырканакты 150 сомдон сатат.

Кошумча маалымат:

Чычырканак-Сибирь, Кавказ, Казакстан жана Орто Азияда өскөн тикендүү өсүмдүк. Көлмөлөрдүн жээгинде, саздуу шалбааларда өсөт.  Мөмөсү Е, С, В витаминдерине, каротин, аскорбин кислотасы, органикалык кислоталарга бай. Чычырканак мөмөсүнөн чычырканак майы алынат. Майында А, Е, витаминдери олеин, линол кислотасы бар. Чычырканак майы гастрит, карын, он эки эли ичеги жарасына, кызыл өңгөч рагы, денедеги күйүктү, үшүктү дарылоодо, гинекологияда пайдаланылат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×