Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 03.12.2015 16:50

Айыл тургуну: 25 жылдан бери ак койлорду баккан Жети-Өгүздөгү Оргочордун тургуну С.Асаналиев койдун жүнүн сатып, шаардагы туугандарына эт жөнөтүп турат (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Оргочор айылында жашаган Сапар Асаналиевдин үй-бүлөсү 20 жылдан бери «меринос» тукумундагы койлорду багып, жүнүнүн 1 килограммын 145 сомдон сатат. Бул тууралуу С.Асаналиев Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Анын айтымында, ал атасынын 1970-жылдары баштаган ишин улантып келет.

«Мен 9-класска чейин Каракол шаарында окугам. Кийин атам ооруп калгандыктан өзүм туулуп-өскөн Оргочор айылына келгем. Атамдын көзү өтүп кеткендиктен анын ишин улантуу милдети мага жүктөлгөн», - дейт фермер.

Ал учурда өз уруусунан куралган чарба түзүп, жыл сайын жасалма уруктандыруу менен алектенет. Короосунда 400дөн ашык «меринос» тукумундагы койлорду кармайт.

«Жайдын башында жайлоого чыгып, толук бир ай жашайбыз. Койлорду кырккан соң аларды Жети-Өгүздүн сырт аймагына айдап кетебиз. Күзүндө кайтып келип, айыл четиндеги сарайда кармайбыз. 4 миңден ашык түк чөп жана арпа даярдайбыз. Жакшы жүн алыш үчүн алардын тоюту да ага туура келиши керек», - дейт С.Асаналиев.

Ал белгилегендей, жүндүн 1 кг 145 сомдон сатылат. «Эгерде Кыргызстанда жүндү кайра иштетүүчү чоң завод болсо чет өлкөлүктөргө саткандан көрө жергиликтүүлөргө өткөрмөкмүн. Өлкө ичинде иштелип чыккан продукция салыштырмалуу бир нече эсеге арзан болот эмеспи», - деп кошумчалады фермер.

Фермер койдун жүнү 11-12 см болгон кезде сатууну сунуштайт. Анткени дал ошол кезинде андан жакшы жип ийрилип, түйүүгө ыңгайлуу болот.

С.Асаналиев жубайы менен бирге 4 баланы тарбиялайт. Улуу эки баласы студент болуп, Бишкекте окушат. Ал эми кичүү 2 уулу ата-энесине чарбада жардам беришет.

«Ата-бабаларыбыз 500-1000 баштан мал кармашкан. Мен 25 жылдан бери атамдын ишин улантып келем. Малдын санын көбөйтүп, үй-бүлөмө ыңгайлуу шарттарды түздүм. Ошондой эле, Бишкекте жашаган бир туугандарыма эт жөнөтүп турам. Тилеген тилектеримди орундаткандыгы үчүн Кудайга ыраазымын», - дейт фермер.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×