Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Ысык-Көл облусуТоң району 03.12.2015 14:30

Айыл турмушу: Тоңдо быйыл картошка арзан баага өтүп, мал саткандар да ойдогудай киреше алышкан жок

Turmush -  Тоң районунда дыйкандар быйыл картошкасын арзан сатып, мал саткандар да ойдогудай киреше алышкан жок. Бул тууралуу айыл тургундары Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде билдирди.

Тоң районунун калкынын жарымынан көбү тоолуу аймакта жашайт. Бул аймакта онго жакын айыл-кыштактар жайгашкан. Айыл тургундары негизги кирешени малдан жана жерден алышат. Былтыр кургакчылыктын кесепетинен тоют өтө эле аз камдалган. Малдын саны өтө эле аз камдалган. Малдын саны өтө көбөйгөндүктөн жайыттардын тарый баштаганына кыйла мезгил болду. Мал жайлоодон келгенден эки айдан кийин жердин чаңы чыгып, жайыттардын кунары кетет. Мал массалык түрдө арыктап, этинен түшө баштайт.

Жайыттардан ачка келген малга аздыр-көптүр тоют салынганы менен ал анын жумуруна жук болбойт. Кышында, жазында бир таңгак чөптүн баасы 300-400 сомго чыгып, аны сатып алуу түйүндүү маселеге айланган болчу. Ушул жылы кыржыйган арык уйлар, жылкылар жазга маал көтөрүм болуп, малдын чыгымы өтө эле көп болгон. Ал эми арык мал төл да, жүн да бербеси белгилүү.

Быйыл күн жаанчыл болуп, чөптүн, бардык эле дан өсүмдүктөрүнүн өсүмү ойдогудай болду. Тоолуктар быйыл тоютту арбын камдап, көңүлдөрү ток. Учурда айыл тургундары түшүмдүү картошканын үрөнүн өздөрү издеп таап келип, андан мол түшүм өстүрүп алууда. Өзгөчө быйыл 10 тоннадан 20 тоннага чейин түшүм өстүрүп алган дыйкандар четтен чыгат. Өкүнүчтүүсү былтыр бир килограмм картошканын баасы 10 сомдон 15 сомго чейин сакталса, быйыл анын баасы 5-6 сомдон өйдөлөбөй койду. Ал эми картошканы айдагандан, түшүмү жыйналганга чейинки чыгымы зээнди кейитет. Бир эле мисал: гектарлап айдаган дыйкан картошка жыйноо учурунда, жумушчулардын ар бирине күнүнө 500 жүз сомдон жети жүз сомго чейин эмгек акы төлөйт. Эгерде 5 жалданма жумушчуну иштетсе, 5 күн аралыгында 10 миң сомдон ашык каражаты кетет.

Аны жүктөп ороого ташып жеткирүүгө кеминде үч миң сом чыгымдалат. Айдап себүүгө, сугатына, отоо чөбүнөн арылтууга, түптөөгө ушундай эле суммадагы акча керектелет. Картошканын баасы арзан болгон учурда дыйкандын капчыгында аздыр-көптүр гана акча калат. Ал эми ушул тапта мал да арзан болууда. Күркүрөгөн күздө Токмок шаарынын базарында койлор 4 миңден, козулар 2 миңден ашкан жок.

Ал эми былтыр ушул убакта чоң койлор 7-8 миңден, токту, боруктар 5 миңден кемиген эмес. Былтыр 2-3 жаш букалардын баасы 50 миңди чапчыса, быйыл 20-30 миң сомдун тегерегинде сатылып, көбү өтпөй да калууда. Торпоктор 7-8 миңден бааланууда. Жаш кунаажындар 17-18 миңден болсо, чоң семиз уйлар 27-28 миңден ашкан жок. Ал эми доллардын курсу күн санап өсүп жатат. Азык-түлүк, өнөр жай товарлары күн сайын кымбаттоонун үстүндө. Айыл тургундары абал өзгөрөбү же ушул бойдон кала береби деп сарсанаа.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×