Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 30.11.2015 14:04

Айыл турмушу: Кара-көлдүк Э.Бечелова Англиянын ханышасы Елизавета IIнин хоббисин балдарга үйрөтөт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 31 жаштагы тургуну Элиза Бечелова 8 жылдан бери шаардык балдар чыгармачыл үйүндө эмгектенип келет.

Э.Бечелова Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал 2003-жылы И.Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик педагогикалык институтунун экология, биология факультетин бүтүргөн. 2007-жылдан баштап шаардагы балдар чыгармачыл үйүндө «Жаратылыш жана фантазия» ийримин жетектеп келет.

Э.Бечелова Кара-Көл шаарында 27-ноябрда «Квиллинг» аттуу өзүнүн мастер-классын өткөрдү.

«Квиллинг» сөзүн англис тилинен которгондо куштун канаты дегенди билдирет. Бул искусствону алгач 14-15-кылымда кечилдер ойлоп таап, алар китептердин алтын жалатылган учтарынан медалдарды жасаган экен. Ошондой эле, Англиянын ханышасы Елизавета II дагы квиллингге кызыгып, өз колу менен көп нерселерди жасаган. Убагында бул ак сөөктөрдүн хоббиси катары эсептелген. Учурда Америка, Россия, Германия, Англияда популярдуулукка ээ», - деди Элиза Бечелова.

«Бул ийримде балдар эрктүүлүккө, чыдамкайлуулукка кичинесинен көнөт, фантазиясы өнүгөт. Учурда ийримге 30 бала катышат. Алар бир нерсени жасоону өтө кызыгуу менен үйрөнүшөт. Андан соң өз фантазиясынын негизинде ар кандай композицияларды жасап келишет. Турмуш-тиричиликке байланышкан бардык нерселерди өтө чеберчилик менен кооз кылып жасашат.

Былтыр балдар чыгармачыл үйүнүн «Сүрөт» ийриминин жетекчиси А.Залимова менен Жалал-Абадда өткөн «Жаштар туура кадам, таза максат үчүн!» аттуу республикалык жаштар форумунун алкагында уюшулган жаштардын инновациялык-утилитардык кароо-сынагына активдүү катышып, дипломго ээ болгонбуз», - деп кошумчалады Э.Бечелова.

62

63

65

67

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×