Бөлүмдөр
Шейшемби, 16-июль
Баткен облусуЛейлек району 25.11.2015 11:36

Айыл турмушу: Ак-Суу айылынын тургуну И.Усманкулов 15 жашынан тарта тегирмен иштетип, элге кызмат көрсөтөт (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районунун Ак-Суу айылынын 35 жаштагы тургуну Ильяржан Усманкулов 20 жылдан бери тегирмен иштетип элге кызмат көрсөтөт. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде билдирди.

Анын айтымында, бул ишке ал 15 жашынан тарта аралаша баштаган.

«Тегирмендин ишин атам баштаган. Атам иштетип баштагандан тарта тегирменге болгон кызыгуум башталган. Бара-бара бул жумуш жан дүйнөмө жагып, 1995-жылдан тарта такай иштей баштадым. Ак-Суу айыл аймагында көпчүлүк тургундар күрүч эккендиктен, күрүчтү гана тегирменден өткөрөбүз. Тетиктерин жыл сайын алмаштырып турабыз. Октябрь, ноябрь айлары түшүм жыйноо мезгили болгондуктан, ушул мезгилде иш кызыйт. Күн сайын 30га жакын адам келип, күрүчүн тарттырып кетет. Жыл сайын ар бир сезондо 3000 сом тетиктерине жумшалат. Тетиктерди да Тажикстандан алып келебиз. Элдин 30 кг күрүчүн тартсак кызмат акы катары анын 1 килограммын алабыз. Ошентип жыл бою иштеп, турмушубузду өткөрөбүз», – дейт И.Усманкулов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×