Бөлүмдөр
Шаршемби, 17-июль
Баткен облусуЛейлек району 25.11.2015 11:29

Айыл турмушу: Андарак айылынын тургуну М.Наврузов чайкана аркылуу киреше табат (фото)

Turmush -  Баткен облусунун Лейлек районунун Андарак айылынын тургуну Мансуржан Наврузов 4 жылдан бери чайкана иштетип, киреше табат. Бул тууралуу ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде билдирди.

«2011-жылдан бери элдин кызматындабыз. Ашпозчулукка чейин колхоздо иштеп жүрдүм. Акыры элге кызмат кылууну тандап алып, ушул ишти баштадым. Малымды сатып, үстүнө насыяга алган акчаны кошуп жер сатып алдым. Курулуш иштерин баштап, 3 чакан бөлмөлүү чайкананы курдум. Азыркы тапта самса, манты, палоо жана башка тамактын түрлөрүн жасап, кардарларга сунуштайм. Жергиликтүү элден тышкары Баткенден, Оштон келген коноктор дагы кирип даам татып кетишет. Буюртма менен куурдак жана палоо жасайбыз», - деди М.Наврузов.

Анын айтымында, чайканадагы жумуш таңкы саат 5те башталат. Күн сайын таң эрте келип, тамактын камын көрөт.

«Чайканада жубайым жана балдарым болуп иштейбиз. Тамакты да жубайым экөөбүз жасайбыз. Ушул иштин арты менен балдарымды багып, тиричилик муктаждыктарына керектүү каражатты табабыз. Балдарымдын улуусу Орусияга барып иштеп келди. Кызымды турмушка узаттым. Азыркы тапта балдарым дагы чайканага аралашып, идиш-аяк жуушуп жардам беришет. Ошентип отуруп жумушубуз кечки саат 6 чамасында аяктайт», - деди М.Наврузов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×