Бөлүмдөр
Шаршемби, 24-январь
68.7    84.07    1.22    KZT 0.21
Нарын

Ой-пикир: Сот адилеттигинин белгисиз мейкиндиги, - К.Усуптегин, Нарын шаары

Turmush -  Туугандуу бийде ыйман жок,
Ыймандуу бийде тууган жок (элдик макал).

Нарын районунун Куланак айылынын тургуну Таалайбек Аманбек уулу экинчи топтогу майып. Ага Учкун айыл өкмөтүнүн 2012-жылдын 21-февралындагы №14 токтому менен айыл аймакка тиешелүү Чой-Жап өрөөнүндөгү Аңкылдак жеринен бузулган тамдын жана сарайдын ордуна курулуш курганга 4 сотых жер аянты менчикке берилген. Кызыктын баары ушул токтом чыгарылгандан кийин башталган.

Айыл аймактын жайыт комитети бул чечимди мыйзамсыз деп сотко даттанган. Нарын райондор аралык соту 2013-жылдын 14-мартында айыл өкмөттүн токтомун жокко чыгарган чечим кабыл алат.

Бирок ошол жерди айылдын тургуну Руслан Жусуповго жеке менчикке берүү тууралуу айыл өкмөтү 2013-жылдын 6-декабрында токтом чыгарып бергендигин Т.Аманбек уулу белгилейт. Ошондон тарта жер талаш сотторунун марафону башталат. Натыйжада 2014-2015-жылдары бул чыр Нарын райондор аралык сотунда үч, Нарын облустук сотунда дагы үч жана Жогорку сотто бир жолу каралат. Бардыгында 2013-жылдын 14-марттагы алгачкы чечим күчүндө кала берет. Башкы жагдай ошол жайыттагы эски сарайдын орду боюнча Т.Аманбек уулунун тиешелүү документтерди топтобогондугунда болгон экен.

«Мен 2-топтогу майыпмын. Талаш жерди алган жылы колдо болгон каражатым менен ал жерге турак жай салгам. Азыркы күндө Жусупов ал жер меники, талкалайм, бузам деп мени сотко берип жатат. Мен эми 5 балам менен кайда барам, акыйкаттык деген болуш керек да», - деп муңканат Т.Аманбек уулу.

Азыркы учурда көптөгөн жарандардын сот адилеттигине жетүүгө мүмкүнчүлүктөрү жок. Биринчиси алар юридикалык жактан сабатсыз болгондуктан укуктарын билишпейт. Экинчиси дал ошол мүмкүнчүлүгү чектелген же оокаты тартыш үй-бүлөлөр жактоочуларды жалдоого каражаттары жетпейт. Ушундан улам мындай адамдар эч качан кайсы бир тигил же бул иштери үчүн сотторго даттана алышпайт. Сотторго кайрылгандары сабатсыздыгынан улам жеңилүүгө дуушар болушат», - деди Нарын шаарындагы жактоочу Айбек Өмүралиев.

Нарын облустук сотунун маалымат катчысы Барктабас Белеков соңку жылдары сотторго кайрылуулар көбөйүү үстүндө экендигин белгилейт. Же болбосо 2013-жылы өлкө боюнча биринчи инстанциядагы жергиликтүү соттор тарабынан 153 миң 856 соттук материалдар каралса, бул көрсөткүч өткөн жылы 165 миң 567ни түзгөн. Каралган иштердин дээрлик 10%ы жогорку инстанцияларга жазылса, алардын үчтөн бир бөлүгү бузулган жагдайга кириптерленет. Б.Белековдун баамында, соттук чечимдердин кабыл алынышы бир катар жагдайларга байланыштуу болот.

«Кайсы бир тараптын соттун чечимине же өкүмүнө канааттанбагандыгы кээ бир учурларда сотко чейинки тергөөнүн юридикалык баасынын чыкпай калгандыгынан улам келип чыгат. Экинчиси мурдакы бийлик учурларында жогору жактан сотторго берилген көрсөтмөлөр сот системасынын беделине доо кетирип келген», - деген Б.Белеков жалпыга маалымдоо каражаттары дагы көлөкө түшүргөн материалдарды жазуу аркылуу сот бийлигинин кадыр-баркын түшүрүп жаткандыгын кошумчалады.

Жактоочулардын айтымында, жарандардын сот аркылуу өз адилет мүдөөлөрүнө жетүүсүнө шарттарды түзүүнүн эң алгачкы кадамдары жер-жерлерден башталуусу зарыл.

Чынында калк катмарында сотторго толук ишеничтер дагы деле орун ала элек. Мына мисалы Жумгал, Ак-Талаа сыяктуу алыскы райондордо жашагандардын көбү өз укуктары үчүн сотторго көп даттанышпайт. Биринчиси айылдан район борборуна келүүлөрү керек. Райондук сотко макул болушпаса, облустук сотко Нарын шаарына келгенге аргасыз, анын чечимине нааразы болсо Бишкекке барууга туура келет. Ошон үчүн ар бир айыл өкмөттөр укуктук жактан кеңеш берүүчү аракеттерди көрүшсө, эл сот адилеттигине оңойураак жетишмек. Жок дегенде айына бир жолу атайын билимдүү жактоочулар менен элдин жолугушуусун уюштуруу зарыл», -деген пикирин КРнын адвокатурасынын облустук башкармалыгынын төрагасы Ыдырыс Ысаков билдирди.

 Жазган: Күмөндөр Усуптегин

 Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 4876
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
9:36,   24.01.2018   ( 24 адам окуп жатат)
×