Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 16-июль
Нарын

Ой-пикир: Билими жок мугалим сабак берсе окуучулардын келечеги эмне болот?, - У.Үсөйүн, Нарын району

Turmush -  Кызыктын баары алдыда!...

Нарын районунун Таш-Башат айылынын Д.Мамбетов атындагы орто мектеби жана анын жетекчилиги менен мугалимдери тууралуу кеп салабыз.

Билими талапка жооп бербеген «мугалим — окуучу» мектеп окуучуларына сабак берип жатат. Жок, кантип эле дешиңиз мүмкүн. Бирок, бул чындык. Көрсө мектеп директорунун айткан маалыматына караганда, ага андан жогору жактан - «билими жок келинди мугалим кылып мектепке кабыл ал» деген көрсөтмө берилген экен. Макул, алар өң-тааныш, бирине-бири чоң экен. Бирок, окуучулардын келечеги, билими эмне болот?

Туура бир жыл мурун окуучулар бычакташып, чоң жаңжал чыгып, жыйынтыгында күнөөлү да, күнөөсү жогу да такталбай, иш жыйынтыксыз калган. Баарынан көйгөйлүүсү жумушчулар иш таштаптыр десе түшүнөт элек, окуучулар 3 күн окуусун таштаган чоң чыр да дал ушул мектепте орун алган.

Райондук билим берүү башкармалыгынын башчысынын өкүл баласы Чыныбай Турсунбеков экени айтылууда. Муну да толук иликтейбиз...

Себеби, райондо бир катар пенсия курагындагы «түшпөс хан» пенсионер — директорлор иштеп жатышат. Мындай шартта райондук билим берүү башкармалыгынын башчысы мектеп директорлорун кызматтан кетиңиз, жаштарга орун бериңиз дей албайт. Десе, эле сиз менен чогуу кетели деген жооп угаары турган иш.

Мына ушундай жийиркеничтүү иштер орун алып жаткан мектепти 25 жылдан бери бир киши мыкчып келе жатат, жашы 63 жаштан өткөн. Жака кармай турган иштердин баары али алдыда.

Кадр баарын чечет деген сөз туура экенин турмуш дагы бир ирээт далилдеди. Айрым мектеп, мекемелер мыкты, иш билги жетекчинин аракети менен күн санап өнүгүп жатса, биздин мектеп көтөрүм уйдун кейпин кийип калды....


  Жазган: Улан Үсөйүн, Нарын району, Таш-Башат айылы

  Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды 


Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7117
Көп окулду
×