Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Жалал-Абад

Ой-пикир: Эмне үчүн электр энергияга болгон муктаждык 10 эсеге өстү?, - гидрокуруучу А.Дарбишев

Turmush -  Кыргызстан эгемендикти алгандан кийин элибиз кыйын турмушту баштан кечирди. Өндүрүш иштебей, завод, фабрика толугу менен токтоду. Ошондо элдер Союз мезгилинде салынган кичинекей үйлөрдө жашап калды.

Ошол кезде өлкөдөгү элдин санына электр энергиянын көлөмү толук жетип, ашып да калчу. Анан өкмөт аны чет өлкөгө сатууну ойлоп, сата баштады. Ошол кезден былтыркы 2014-жылга чейин кыргыз эли электр энергиясынын кадырын билген эмес.

Былтыркы жылдан баштап электр энергиянын тартыштыгы билинип, карапайым эл электр энергиянын баалуу экендигин сезди. Анткени Казакстандан, Тажикстандан 1 кВтты 5 сомдон сатып ала баштадык.

Ошон үчүн ар бир жаран бүгүнкү күндө электр энергиясын үнөмдөө керек. Эмне үчүн бүгүнкү күндө электр энергиясына болгон муктаждык 10 эсеге өстү? Анткени, элдин жашоо шарты оңолду, чоң-чоң үйлөр айылда, шаарларда салынды. Алардын короосунан тартып, унаа токтотуучу жайына чейин кышкысын жылуулук системалары орнотулууда. Миңдеген тойкана, сауна жана мечиттер курулду. Алардын баарында 200-300дөн лампочка, кээ бирине 1000ден лампочкалар күнү-түнү күйүп турат.
Ал тургай канчалаган дүкөндөр курулууда. Мына ошолордун баары электр энергияга болгон муктаждыкты жаратууда. Мурда 30-40 үй-бүлө сарптаган электр энергияны азыр бир чоң «особняк» эле сарптап жатат. Эл болсо, завод, фабрика иштебесе кайдан электр энергиясы тартыш болуп жатат деп ойлонууда. Бул суроого жооп катары жогорудагы тойканалардагы ар бир күйгөн лампочканы айтсак болот. Ал эми жаңы конуштарга таза суу жетпей жатат. Аны сауналар эбейгесиз коротуп, ошолордун кесепетиненен карапайым калк жабыр тартууда.

Ал эми жылына Токтогул ГЭСиндеги энергия 50%га, ал эми быйыл 51%га өстү деп айтылган маалымат туура эмес. Эгер жылына ошончодон өсүп олтурганда 24 жылда 12 эсе көбөйүп,1200%га электр энергиясы өсмөк. Натыйжада 20 Токтогул ГЭСи курулмак.

Биз гидрокуруучулар Кыргызстандагы ГЭСтерди куруп, бүгүнкү күндө кереги жок адамдай четке түртүлүп, кылган иштерибиз көмүскөдө калды. Эч кандай гидрокуруучуларга өкмөт тарабынан жеңилдиктер жок, ал тургай Энергетиктердин кесиптик майрамында дагы бир жолу болсо да көңүл буруп коюшпайт. Канчалаган гидрокуруучуларыбыз үйү жок азыркыга чейин батирлеп жүрүшөт. Арасында балдары тың чыккандардын гана жашоосу жакшы болбосо калганы баягы эски жыгач үйлөрдө, жашоо шарттары начар бойдон калууда.

Убагында Токтогул ГЭСи өңдүү Кыргызстандагы ГЭСтерди курган чыгаан, легендарлуу гидрокуруучу, гидротехник Казбек Хуриев: «Таш-Көмүр ГЭСи менен Разан-Сайдын ортосуна 10 электростанция курса болот. Ошол электростация менен түштүктү толук электр энергия менен камсыздаса болот», - деп айтты эле.

Мен ушул сөздү ушул кезге чейин эч бир адамдан уккан жокмун. Бизге шамалдын күчүнөн жана көмүр менен электр энергиясын өндүрө турган электростанцияларды курса болот. Анткени, бизде катуу шамал болгон Балыкчы, Таш-Көмүр, Суусамыр, Ак-Талаа жерлери бар. Ал эми көмүр запасы бизде 300-400 жылга жетет. Мындай жол менен чет өлкөдө энергия өндүргөн өлкөлөр бар. Демек, биз адистерди чакырып, тажырыйба алмашып, чоң мамлекеттик деңгээлде программа түзүшүбүз керек. Ошол эле күн нурунан электроэнергия алууну карашыбыз керек. Ошондо бизде электро энергияга болгон тартыштык жок болот.

Биздин өлкөнүн гидроэлектростанция курууга мүмкүнчүлүгү жок. Эгер инвесторлор курса, анда өлкө карыз болуп, чет элдик инвесторлорго көз каранды болуп калат. Натыйжада келечек муундан бери өлкөнү карызга батырып коюу коркунучу бар. Ошон үчүн ойлонуу керек. Ар бир өлкө жараны электр энергиясын үнөмдөп, анын өтө кыйын жол менен өндүрүлөрүн, анын баасы кымбатка турарын билүү керек.

Кара-Көл шаардык кеңешинин 4-чакырылышындагы депутаты, мыкты гидрокуруучу Адыл Дарбишев. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 3990
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×