Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 22-октябрь
Нарын облусуАк-Талаа району 18.11.2015 08:22

Ой-пикир: Карышкырлардын катыгын берүүгө белсеништи, - А.Сагыналы уулу, Ак-Талаа району

Turmush -  Нарын жергеси малдуу келип, мында жашаган жергиликтүүлөр мал төлдөтүп, мал асырап, аны өз муктаждыктарына пайдаланып келгени ырас эмеспи. Чынында, мал багуу деле оңой-олтоң иш эмес. Анын ошончолук арбын азабы, түмөн түйшүгү бар. Малды төлдөтүү, аны дарылоо, кайтаруу, тоют камдоо сыяктуу түйшүктөрүнөн тышкары, бир жагынан карышкыр деген балээси бар эмеспи. Көзүң мындай болсо улак-козуңду бөктөрө качат же уй-жылкыңдын кардын жарып, кой-эчкиңди тамактап кетет. Бул малчылардын эң чоң көйгөйлөрүнүн бири экендиги талашсыз.

Мына ушундай жөндүү, чоң көйгөйлүү маселени бир калыпка салып алуу, карышкырларды атуу боюнча райадминистрациянын жыйындар залына район акими баш болгон, айыл өкмөт башчылары, жайыт комитеттери, малчы-фермерлер, РИИБ кызматкерлери жана мергенчилер жыйынга чогулушту.

Жыйындын жүрүшүндө, ар айылдан келген малчы-фермерлер карышкыр көп болуп, айыл-кыштактардын чекесине чейин келип, «акебизди» таанытып, малдарыбызды жеп кетип жатат, деп акимге өз ойлорун, көйгөйлөрүн айтып чыгышты.

Бир катар алымдуу ойлор, сунуштар талкууга алынып, жыйынтыгында айыл өкмөт башчылары ыкчам ишти уюштуруп, мен-мен деген көзгө атаар мергенчилерден ар бир айылда 5 адамдан турган мергенчилердин 3 тобун түзүү жагын туура көрүшсө, ал эми РИИБ тарабынан ошол мергенчилердин курал-жарактарын мыйзамдаштыруу жагынан жардам болмой болду. Бул иш боюнча малчы-фермерлер дагы сыртта карап турбастан, ар бир атылган карышкыр үчүн 1ден козу сыйлыкка беребиз дешти.

Эске сала кетсек, Нарын жергесине келгенде президент А.Атамбаев бул көйгөй үчүн Нарын облусуна 500 миң сом каражат бөлүп берип, ал каражат ар бир районго бөлүнүп берилген. Анын негизинде Ак-Талаа районуна 100 миң сом бөлүнгөн. Минтип мамлекет өзү жардам берип турган учурду колдон чыгарбай, ошол каражаттын эсебинен карышкыр аткандарга 5 миң сомдон, чөө аткандарга 3 миң сомдон сыйлык берилип турмакчы.

Бул боюнча район жетекчиси С.Черикбаев карышкырларды атууга ар бир айылда мергенчилер тобу түзүлүп, бир катар иштер аткарылып жаткандыгын, бирок мында айрым бир кемчиликтер кетип жатканын жашырбастан ачык айтып, көптөгөн убаракерчиликтер болуп, каражаттар сарпталганы менен бир дагы карышкыр атылбай калган учурлар кездешкендигин белгиледи. Аны менен катар ар бир 15 күндө аңчылык иштерин шарттуу түрдө жүргүзүп турууну, аңчылык учурунда өзү дагы катышып, көзөмөл кылаарын билдирип, акимдин фондунан 15 миң сом каражат бөлүп берерин убада кылды.

Жыйындын жыйынтыгында ийри отуруп, түз кеңешүүдөн соң, бир ишке баш багышты. Ынтымакта иш алып барууну көздөп, жакынкы аралыктарда кашабаңдардын катыгын бермей болушту.


      Жазган: Адилет А.Сагыналы уулу, Ак-Талаа району

     Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×