Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Нарын

Ой-пикир: «Жаңылыш оптимизация» менен райгезиттерди жоюу — туура эмес!, - Ак-Талаа райондук «Айыл турмушу» гезитинин редактору

Turmush -  Нарын облусунун Ак-Талаа райондук «Айыл турмушу» гезитинин редактору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу, акын жана журналист Өмүрбек Дөлөев премьер-министр Т.А.Сариевге, маданият, маалымат жана туризм министри А.А.Максүтовго кайрылуу жасады.

Кайрылууда:

«2015-жылдын 12-13-ноябрында министр А.Максүтов жетектеген министрлер тобу Нарын облусунда болуп, эл менен жолугушуп кайтты. Мында облустун маалымат каражаттарын же райондук гезиттерди оптимизациялоо багытын белгилешип, «Нарын ТВдан» ошол эле күндөрү райгезиттерди жоюп, экиден кабарчыны облустук «Теңир-Тоо» гезитине бекитип, райондун жаңылыгын андан берип турууну максат кылып жаткандыгын айтып чыгышты.

Биз төмөндөгү пикирлерди 13-ноябрдагы Ак-Талаа районунун маданият кызматкерлери менен жолугушууда да кенен айттык. Мында А.Максүтов катышкан жок.

Райондук «Айыл турмушу» гезити 1940-жылдан бери коомдун ар кандай түзүлүштөрүнө, өзгөрүштөрүнө карабай үзгүлтүксүз чыгып келет. 1990-жылдан 2013-жылга чейин мамлекеттик колдоого алынбай, район да дотацияда тургандыгына карабастан Ак-Талаа элине маалыматтык кызматын жасап келди. Мында атайын каражат аркылуу болоор-болбос айлык менен редактор (1000 сом, акыркы эки жылда 2000 сом) 2007-2012-жылдары жалгыз эмгектенди. Ага чейин эки гана адам иштеди.

2014-жылдан баштап акимдин колдоосу аркылуу гезит түстүү болуп, электрондук вариантта айына бир жолу (эки сан биригип), 1000 нускада үзгүлтүксүз чыгарылууда. Райондун бардык жаңылыктары бул гезитке чагылдырылат. Журналисттерге ар убак райондун тигил же бул иштери туралуу маалымат берилип, колдоого алынат. Акимчиликтин имаратынан гезиттин кызматкерлери үчүн эки бөлмө берилген. Аймактарга, жайлоолорго командировкаларга дайыма өздөрү менен кошо ала барышат. Эмне маселе актуалдуу, райондун стабилдүү өнүгүүсү үчүн негизги эмне деген урунттуу, оорчундуу жагдайларды бирдикте аңгемелешип, багыттар берилет .Журналисттердин ойлорун да кунт коюп угуп, бардык шарттар талкууланып турат.

2013-жылдан тартып бюджеттен үч кызматкерге айлык каралат. Бухгалтер, кеңсе тазалагыч келишимдик негизде атайын каражаттан айлык алып, бардыгы 5 адам иштейт. Үмүтүбүз — жок дегенде дагы эки адамга бюджеттен каржы бөлүп берсе...

Министр 12-ноябрда Нарын шаарында тобу менен жолугушууларды өткөрүп, телеберүүдөн бул жөнүндө айтылгандын эртеси эле райондук гезит окурмандарынан: «гезит жоюлат турбайбы, ушул кантип болсун. Согуш убагында да чыгып турбады беле? Анда районду деле жоюу керек... Райгезит сөзсүз чыгып турушу керек! Тийиштүү жерлерге кайрылгыла. Биз да үн кошобуз!», - деген чалуулар, кайрылуулар уланууда.

Ачык айтканда, облгезит райондук гезиттин ролун эч качан антип сырттан аткарбайт. Тиркеме кылып басканда да бир райондун маалыматын райгезиттей мезгил талабына ылайык камтып бере албайт. Ансыз да облгезит район үчүн дегеле күйүп-жанып макала бергенин эл көрө элек. Анткени, облустук негиздеги гана маалымат жөндөлөт. «Оптимизациялаганда» деле ошол баштагы жолдон чыга алышпайт. «Райондун эле маалыматын облгезитке зарыл чыгарабыз!» - деген пикир болсо, азыр облгезитте журналисттердин жоон тобу иштейт. Алардан ар бир районго азыр министрлик туура эмес пландап жаткандай экиден штаттуу кабарчы коюп, райондук маалыматты кеңирирээк берип турушу зарыл. Ал эми райгезит өз ишин буга чейинкидей системалуу жүргүзө бермекчи.

Эгерде ушул «жаңылыш оптимизация» менен райгезиттерди жойсо, канчалаган кызматкерлер кайрадан ишсиз калат. Райгезитке оңой менен жаш кадр келбейт. Жаш журналисттер бүт эле шаарды карай качышат. Биз эми эптеп-септеп жаштарды районго ыкташтырып алганда, министрлик аларды кайрадан качырып ийсе эмне болот? Райгезиттин келечегин, райондун калың окурман журтун да биринчи кезекте эске алып, «жети өлчөп, бир кесип» иш кылуу мезгил талабы. Ал эми бизге багышталган департамент райгезиттердин «ашканасын» билишпейт да. Билсе мындай кайдыгер жолго түшмөк эмес. Анан эле терең анализдебей, анализдегенде да теоретик эксперттердин кеңеши астында эле «райгезитти жойдук, бул акыркы сөз, бары чечилди» дегендери Кудайга деле жакпайт.

Өлкөнүн жаңыдан өр алып бара жаткан алгылыктуу саясаты райгезит аркылуу гана элге жеткирилмекчи. Административдик реформа (аны да күтүү зарыл эле) да босогодо сагаалап турганда, облгезитти кимдир бирөөлөрдүн ага өтө кызыкчылыгы үчүн «оптимизациялайбыз» деп жанталашпай, ансыз да облустук жетекчинин түздөн-түз камкордугу менен күчтөнүп турган облгезитти курулай күчтөөнүн ордуна, райгезиттерге мамлекеттик колдоо, күчтөө керек! Бул маселени мезгил өзү өктөм коюп турса да, аны сезбемиш болгон министрликтин жолу болсун...

Буга чейин ар бир районго 7ден штаттык бирдикке божомолдорду министрлик жүргүзгөн болчу. Биздин оюбузча ошону гана жүзөгө ашыруу зарыл! Ансыз да канча жылдар бою райгезит каралбай, «таштандыга» айланып келди. Биз сыяктуу өжөрлөнүп, эл үчүн деп, ачка-тогубузга, эч нерсеге арзыбаган маянабызга карабай чыгарып, эми бюджетке толук өтөбүз деп турганда, үмүттү кыя чабуу туура эмес. 1990-жылдан бери райгезитке маани бербестиктин айынан Нарын шаары менен Нарын районунун гезити канча жылдан бери чыкпай токтоп калды. Ал тургай имараты тонолуп кетти. Эң кубаттуу, заманбап облбасмакана сатылып кетти. Мындай көз жумдуулуктун айынан бүтүндөй облустун редакциялары гезиттерин Бишкектен чыгарууда. Ат-Башы районунун гезити чыкпай калып, кийинки жылдары кайрадан чыга баштады. Республикабыздын райондорунда мындай фактылар арбын. Мисалы, Ысык-Көлдүн Тоң районунун райгезитин Мээркан Токсобаева 1990-жылдан бери жалгыз чыгарып келген, кийин бюджетке да кирбей калды.

        Урматтуу Темир Аргенбаевич!, Урматтуу Алтынбек Аскарович!

Айтылып жүргөндөй гезит — коллективдүү агитатор, коллективдүү пропагандист гана эмес, коллективдүү уюштуруучу экенин да эстен чыгарбасак. Биздин бул ойлорду облустун райондорунун ар бир редакция жамааты колдойт деген ишенимдебиз. Кептин ток этээри, райгезиттерди жоюу туура эмес! Сиздер колдойсуздар деген пикирдебиз. Бул элибиздин мүдөөсү», - деп айтылат.

Жазган: Ак-Талаа райондук «Айыл турмушу» гезитинин редактору, КРнын маданиятына эмгек сиңирген ишмер, Нарын облусунун, Ак-Талаа районунун Ардактуу атуулу (14-ноябрь, 2015-жыл)

        Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5090
Көп окулду
×