Бөлүмдөр
Жума, 27-апрель
Нарын

Ой-пикир: 5 сааттык жолдо 5 куту чылым чеккен келиндердин жоругу, - журналист О.Сары, Нарын облусу

Turmush -  «Жолуң болсо жолоочуңдан не пайда—жолдошуң бар да жолтоо болбо башкага», - демекчи Бишкек шаары менен Нарын шаарынын ортосундагы 5 сааттык жолдогу окуяны кеп кылам.

Бишкек шаары, 12-октябрь болжолдуу саат 22:00 чамасы. Чыгыш унаабекетинин түнкү автобус токтой турган жайы. Бишкек—Ат-Башы каттамы аркылуу түнү менен көп орундуу жүргүнчү ташыган автобуска билет калбай калып, жеңил унаалар каттаган таксисттер жакка колунда 8 айлык баласы бар, жаш курагы 30дар чамасындагы айым жамгырдын жаашына карабай Нарынга барат элем, автобуска билет калбай калыптыр, деп таксиге отурду.

7 орундуу такси Нарын шаарына жүргүнчүлөр чыгып калса кетебиз деп тим болду. Мен дагы келип кошулдум. Ошентип унаада 2 гана жол жүрүүчү дагы киши чыгып калат бекен деп отурдук. Эшикте жамгыр катуу жаап, жердин баары көл-жаян. Арадан жарым саат убакыт өттү, киши жок. Айдоочу эми үйгө эле кетет окшойм Нарынга киши чыкпай калды, силер эмне кыласыңар, деп калды.

Ошентип отуруп айдоочуну дагы бир азга күтүшүн сурандык. Аңгыча шаардык таксилердин бири токтоп ичинде жаш курагы 20дан ашкан жаш кыз кызуу абалында: «Нарынга такси бар бекен, ким кетет?», - деп сурап калды.

Айдоочу: - Мен кетем, бирок киши чыкпай жатат, мага 7 киши керек, силер үчөө эле болуп каласыңар, деп жооп кайтарды.
Бейтааныш кыз: - Мен кетем, мен менен канча болсуңар?
Айдоочу: - Ошол сен менен 3 киши болуп атабыз.
Бейтааныш кыз: - Мен калган 4-5 кишинин жол акысын да төлөйм. Мени Нарын шаарына тезирек жеткир, себеби менин күйөөм менин көзүмө чөп салып жатат,деген бойдон унаанын алдына отурду да жини менен телефонун ыргытып, баштыгын чапкылап айдоочуга буйрук берди. Ошентип жолго чыктык.

Жол кире баасы Бишкектен Нарын шаарына 500 сом. Бейтааныш кыз 5 кишинин акчасы деп 2 миң 500 сом берди. Калган экөөбүз 1000 сом бердик. Алдында отурган кыз бир сыйра арыз-арманын айтып ыйлап алды. Колундагы бөтөлкөдөгү сырасын тездетип ичүү менен жолго сапар алды.

Аркада отурган 8 айлык баласы бар айым Бурма деп атын атап баарыбыз менен таанышты.

Бейтааныш кыз: - Нарынга иш сапар менен кеткен жолдошум 4 сааттан бери телефон чалсам албай, менин көзүмө чөп салып жатат. Мен азыр барып ага көргүлүктү көрсөтөм деп жинденип баратты.

Артында отурган Бурма эже: - Атың ким чоң кыз, эмнеге мындай кадамга барып жатасың? Өз көзүн менен көрбөгөн соң күйөөңдү күнөөлөбө деп жоошуткан болот.

Анда алдында отурган бейтааныш кыз, менин атым Айпери чет элдик, америкалык  жаранга турмушка чыкканыма 1,5 жыл болду. Ооба, турмушта ар кандай болот экен. Мен Бишкектемин. Ал Нарын шаарына жумуштары менен 1 айга келген, экөөбүз эки жактабыз. Болгону эртеден бери телефон чалып, жооп ала албай жатам. Мен ишенем, ал менин көзүмө чөп салып жүрөт. Башка кыздар менен жүргөндүр, деп ыйлап телефон менен чет тилче кыйкырып, жолдошун урушуп алды.

Унаанын артында отурган Бурма 8 айлык баласы менен Нарын шаарына жумуштап эжесинин үйүнө баратканын жана анын да арыз-арманы бар экенин Айпериге жакын отуруп төкпөй-чачпай айтып берди.

Бурма:  - Айланайын сиңдим, мен дагы чылым тартпайт дейсиңби, мен деле тартам. Келе берчи чылымыңдан менин да арманым көп. Жолдошум учурда ичет, жумушу жок. Мен Москвада иштеп келдим, 2 балам бар, бири мына колумда. Ушул баламды өзүмдүн наамыма каттатып алууну көздөп Нарынга келдим. Балама кантип туулгандыгы тууралуу күбөлүк ала алам? Өзүмдүн наамыма каттатып алышым керек болуп жатат.

Эжем Нарында жашайт. Балдарга туулгандыгы тууралуу күбөлүк алып, атын өзгөрткөн бат эле дегенинен келе жатам. Өзүм Таластан болом..., деди Бурма.

Журналист: - Эже, сиздин бул жакта каттооңуз болбогон соң алыш кыйын го. Азыр текшерүү деген бар, мыйзам деген иштейт. Мурункудай жазып бере алышпайт го. Ар бир туулгандыгы тууралуу күбөлүк эсеп, санак менен келет болушу керек.

Айпери: - Ооой кайдагы мыйзам, азыр мыйзам барбы бизде. Бурма эже, Нарын Бакыт үйүнө барып ЖААКка кирсеңиз ал жакта кыздар иштешет. Алардын чөнтөгүнө акча салып коюңуз, заматта жасап, даярдап беришет.

Бурма: - Ошентишсе болду. Менин күйөөм керек болсо, кош бойлуу кезимде курсагымды тебелеп алып, ыйлатканга чейин барган. Баламды өзүмдүн фамилияма каттатып алып, Москвага барып иштеп келсемби дегем. Анан да жолдошума айтып келем, эгер сен иштеп, мага турак жай салып, камсыз кылып бербесең мен балдарымды сенин наамыңа каттатпайм деп. Керек болсо мен өз алдымча багам.

Айпери: - Азыркы жашоодо эркектерге ошондой эле мамиле кылыш керек. Мен ушу кыргыз калбай калгансып чет элдик жаранга турмушка чыгып алганымды кантейин! Бирок акча каражатынан кам санабайм. Бары жакшы, жетиштүү, жолдошум иштеп табат. Мен да англис тили менен немис тилин билем. Жаш курагым 22де болсо да мен жашмын деп айта албайм. Боюмда болгон, бирок 1,5 айдан кийин түшүп калган. Андан кийин пландай элекпиз.

Ошентип сапарыбыз карып баратты. Орто жолдо кантип жеткенибизди билбей айдоочу экөөбүз кыз менен келиндин жолдогу жоруктарын угуп бараттык.

Аңгыча 5 сааттык жол кантип карып калганын билбейбиз. Нарын шаарына кирдик...

Шаардын эки жеринен 2 келин унаадан түшүп калышты.

Айдоочу экөөбүз чылым чекпегенгеби, айтор унааны улам желдетип, өзүбүз чүчкүрүп-бышкырып араң келдик. Дүнүйөң тегиз болсо, жашооң оң болсо жамандыктын эмне кереги бар. Бирок жашоо тирүүлүк менен жакшылыгын табат деген ойдо калдык.

Жазган: Осмон Сары, Нарын облусу

Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6418
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
10:46,   26.04.2018   ( 6 адам окуп жатат)
×