Бөлүмдөр
Шейшемби, 23-январь
69.34    85.18    1.23    KZT 0.21
Нарын

Ой-пикир: Салмагы сайдын ташындай болгон унаалар Жумгалдын жолун боткого айлантабы?, - Казыбек Чоротегин

Turmush -  20140521_114239«Ааламга кеткен жол—айылдан башталат», - айылыбыздын жолу талкаланып турса кайдагы аалам деген киши жок. Болоор болбос иштерге баш ооруткан бийликтегилер аймактарды, өрөөндөрдү өкүрткөн бойдон эле калтырмай болушту. Болбосо салмагы сайдын ташындай болгон оор жүк тарткан унаалардын айынан Жумгал районунун жолдору талкаланып учурда унаа каттамдары үзгүлтүккө учурап калган кез.

Адаттагыдай акча жок, акчаң болсо күн суук деген шылтоо менен жергиликтүү бийлик жогору жакка, ал эми жогору жагың ар кандай куру бекер шылтоолор менен элдин башын айлантып бюджетке шылташат. Акыры ошол унаа жолуна салык түшүп жатат, ошол унаа жолу менен өлкөнүн экономикасынын бир бурчу толуп жатат. Ошол каражатты эле кайра кайрып жолго сарптап койсо болбойбу?...

Сурооңо кайра суроо берип жооп берген өкмөт Нарын облусунун Жумгал районунун аймагындагы унаа жолдоруна кудайды карап каражат бөлүп берип коюшса жакшы болмок. Кара-Кече менен Дүңгүрөмөнүн көмүрү ташылып отуруп жол тешилгени-тешилген.

Күндө 200дөн ашык унаа ар кандай салмак менен оор жүк тартып кетип жатышса, жол талкаланбаганда анан мен талкаланмак белем. Транспорт жана коммуникациялар министрлиги райондун унаа жолдоруна каражат бөлүүнүн ордуна чунчуйтуп башка райондорго бөлгөн каражаттын жок дегенде жарымын да карап койбоптур.

№24 Жол тейлөө мекемеси айлалары кеткенде планды аткаруу үчүн күйүүчү май жана керектелүүчү техникаларды чогултуп карызга батып отурат. Ал карызын бербеген министрлик мыйыгынан күлүп тим болушса, унаа жолдору талкалангандан талкаланып Кызарт бел ашуусу күндөн-күн тарып 2 унаа катарлаш өтө албаган абалга келген.

Жазып оюмду билдиргеним Жумгал районунун унаа жолун өгөй баласындай кылбай бөлө турган каражатын бөлүп оңдоп беришсе жакшы болчудай. Болбосо унаа каттамдары үзгүлтүккө учурап жол кире акылар көбөйүп кеткени турат. Эмнеси болсо да район активисттеринин кайрылуусунда белгиленгендей акыркы чакырылыштагы эл өкүлдөрү өз убадаларын аткарып элди ойлоп иш кылышса деген тилек.

            Жазган: Казыбек Чоротегин, Жумгал району

            Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 6526
Комментарии
Обсуждения закрыты
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×