Бөлүмдөр
Ишемби, 21-июль
Нарын

Ой-пикир: №50 СИЗОдон качуу: Нарында эки сөөк коюлду: Түпкү себеби ачыкталабы?, - К.Усуптегин, Нарын облусу

Turmush -  Нарын районунун аймагында октябрь айынын соңку жекшемби күндөрүндө эки жигиттин сөөгү жерге берилди. Албетте булар кайсы бир дарттан, же болбосо кырсыктан, же болбосо өз ара ички мушташтан эмес, мамлекеттик маанидеги кызмат учурларында каза болушту. Биринчисинин өлүмү дагы деле белгисиз болсо, экинчиси кылмышкерди колго түшүрүү маалында окко учкан. Дүйнөгө дүң болгон кайгылуу окуянын чоо жайы качан ачыкталып, качан калкка чыныгы маалыматтар жетет, аны мезгил көрсөтөөр.

Жаза аткаруу мамлекеттик кызматына жаңылануу керек

Тилек Абылгазиев 1972-жылы Нарын шаарында туулган. Ал 1998-жылдан бери жаза аткаруу башкармалыгында иштеп келген. Өткөн жылдын 25-апрелинен тарта Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №50 мекемесинде ыкчам бөлүмүнүн ага опер кызматкери болуп иштеп жаткан. Белгилүү болгондой 12-октябрдын түнүндө бул түрмөдөн канкорлор качып чыгышкан маалда оор жаракат алып, кийинчерээк ооруканадан каза болгон. Анын сөөгү 18-октябрь, жекшемби күнү жерге берилди.

«Бүгүн бүткүл Кыргызстан элдеринин жүрөктөрү сыздап турат. Биз кудайдан акыретин тилейли. Адам өмүрүн кыйгандар динди жамынып алышып, сакал коюп алган канкорлор»,-деп билдирди эл алдында Тилекти акыркы сапарга узатуу зыйнатында маркумдун жаназасын окуган молдо.

Сөз алган бийлик өкүлдөрү да, туугандары да маркумдун үй-бүлөсүнө көңүл айтышты. Эл арасында ар кандай пикирлер айтылып турду.

«Мен 1961-жылдан 1993-жылга чейин ушул Нарын шаарындагы СИЗОдо иштедим. Союз учурунда деле камактан качкандар болгон. Бирок мындагыдай кызматкерлерди өлтүрүү болгон эмес. Менимче кесилгендердин качкандарына ошол СИЗОнун чоңдору күнөлүү», - деди 80 жаштагы ардагер Бектен Думанаев.

Укук коргоо органдарында эмгектенген дагы бир ардагердин пикиринде чиеленишкен маселелер арбын.

«Эгемендик алгандан бери ички кызматтагылар даярдалган жок. Мындай жабык жайларда иштөөчү кадрларды түбүнөн тартып окутуш керек. Экинчи аларга шарт түзүү зарыл. Ал эми №50 төрмөдө болсо өмүр бою соттолгондор менен тергөөдө олтургандар кандай себеп менен аралашып калат. Эмне үчүн ичим ооруп жатат десе эле бир кызматкер барып эшикти ача салат. Демек ал жерде ички тартип деген болгон эмес», - дейт ардагер Жумакадыр Мамбетжакыпов.

Элдин бийликтен талабы

Туура бир аптадан кийин же болбосо 25-октябрь, жекшемби күнү Нарын районунун Куланак айылында туулуп өскөн Төлөбек Ысмайыловдун сөөгү айылындагы көрүстөнгө коюлду. Ал  ИИМдин тез чара көрүүчү «БАРС» атайын бөлүгүнүн кесиптик даярдоо бөлүмүнүн тоо альпинисттик даярдоо боюнча ага тескөөчү-инструктору болуп кызмат өтөп жаткан экен.

«Мына алмончоктой болгон балдарыбыздан айрылып жатабыз. Эмнеге мындай кылмыш кылгандарды кармайбыз жана аларды багабыз. Эмне үчүн батыштын мыйзамдарын колдонобуз. Ошон үчүн Президентке, башка бийликтерге кайрылабыз. Оор кылмыш кылгандар мурункудай өлүм жазасы менен жок кылынышы керек. Болбосо ушинтип эле элде тынчтык болбой, бөөдө балдар өлүмгө учурай береби», - деп билдирди Куланак айылынын тургуну ардагер Амангелди Абдылдаев.

Сөөк коюуга келген ички иштер министри Мелис Турганбаев дагы, өкүл Аманбай Кайыпов дагы Төлөбектин баатырларча курман болгондугун, эл-жер үчүн өмүрүн бергендигин белгилешти.

Бирок эки тараптын тең жакын туугандары бул окуяны шалаакылык, кайдыгерлик катары сыпатташты. Айрыкча айрым укук коргоо уюмдарынын өкүлдөрүнүн кылмышкерлерди коргоп чыккандыктарына нааразычылык билдиришти. Түпкүрүндө уулдарынан ажыраган тараптар кылмышкерлер менен күрөшүүнүн жаңы жана катаал чараларынын көрүлүшүн ичтеринен дагы, сыртынан дагы оор үшкүрүк менен белгилеп турушту. 

Ал эми Ак-Талаа жана Кочкор районунун тургундары эмне деп жатышты болду экен? Себеби кайненеси менен күйөө баласы да ушул окуядан улам мезгилсиз дүйнөдөн кайтышпадыбы.

                        Жазган: Күмөндөр Усуптегин

                      Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды



Сиздин реакция: Эркек Аял
Күлкүлүү
Капалуу
Таң калуу
Ачуулануу
Необходимо авторизоваться
Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 5125
Комментарии
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
Көп окулду
×