Бөлүмдөр
Шейшемби, 24-апрель
Жалал-Абад

Ой-пикир: Кум, таш, шыбак, бүргөн баскан Бүргөндү кут даарыган гүл аймакка өзгөрдү, - С.Жаркынов, Бүргөндү айылынын тургуну

Turmush -  

                                                                                                            Кылымга татыган кырк жыл

Жалал-Абад облусуна караштуу Ноокен районундагы Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүү оңой эмес эле. Учу кыйырына көз жетпеген, жайкысын өтө ысык, ар дайым тынымсыз керимсел шамалы согуп турган аймак кескелдирик менен жыландардын мекени эле.

Мен 1973-жылы «Бүргөндү» совхозу жаңыдан уюшулганда ошол кездеги Ак-Турпак айылдык Советинде катчы болуп иштечүмүн. Ошондуктан Бүргөндүнүн өрөөнүн өздөштүрүү идеясын ошол кездеги Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитетинин биринчи катчысы Исхак Разаковко таандык экендигин жакшы билем.

Кийинки муундар Бүргөндү кандай өздөштүрүлгөн, кимдер баштаган, кантип башталгандыгын билишпейт. Биз ал кыйынчылыктарды баштан кечирген улуу муундар катары урпактарга осуят катары айтып кетишибиз парз деп эсептейм.

Эң оболу түйшүгү оор, тарыхты чагылдырган Бүргөндү жөнүндөгү китепти баштоого жана аяктоого авторлош болгон журналисттер Адылбек Акматов менен Самидин Курмушуевдерге ыраазычылык билдирем.

                                                                                                            Брежневдин бир сөзү менен...

Улуу Ата Мекендик согуштан кийин Советтер Союзу өзүнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн чыңдоого ири өлчөмдөгү каражаттарды ажыратып, Бүргөндү өрөөнү аскердик ар кандай машыгууларды өткөрүү боюнча чөлкөм болуп турган. 1957-жылы гана Бүргөндү аймагындагы согуштук учактарды сыноо жана учкучтарды даярдоо боюнча атайын полигон расмий түрдө жабылган. Ошентип Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүү маселеси өткөн кылымдын 50-жылдарынан эле башталат. Ошол кездеги Кыргызстан Компартиясынын биринчи катчысы Исхак Разаков Айдаркен шаарчасында эл менен болгон жолугушуусунда «Азыркы какыраган чөл Бүргөндү аймагы келечекте гүлдөгөн аймакка айланат, күтө тургула», - деген сөзүн айткан.

1960-жылдан тартып, Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүү маселеси республикалык деңгээлде карала баштайт. Ошол мезгилде бүткүл союздун гана эмес, дүйнөлүк коомчулуктун да көңүлүн бурган ири курулуш Токтогул ГЭСинин курулушу башталат. Токтогул ГЭСинин курулушу менен Кыргызстандын 24 айыл, кыштагы, 18 миң гектар сугат жери, 16 миң гектар дың жери суу астында калат.

Бүргөндү массивин өздөштүрүүгө Өзбекстан таптакыр каршы чыгат. Анткени ошол кезде Көк- Дарыя (Сох) суусунун 99%ын Өзбекстан пайдаланып, кыргыздар анын 1 гана пайызына ээлик кылар эле.

Ошол мезгилдеги Кыргызстан-Ош обкомунун биринчи катчысы Султан Ибраимов Токтогул ГЭСинин Кыргызстанга келтирген жер чыгымын Ош облусунун Фрунзе районундагы Бүргөндү массивин өздөштүрүү менен компенсациялоо маселесин кабыргасынан коет. Султан Ибраимович Токтогул суу сактагычына топтолгон сууну Өзбекстан тарап да пайдалана тургандыгын негиздүү аргументтер менен далилдеп, Көк-Дарыянын суусун канал аркылуу Бүргөндүгө буруп, жаңы жерлерди өздөштүрүү керек деген приципте бекем турат.

Жыйынтыгында Ош облустук обкомунун жана Ош облустук аткаруу комитетинин Бүргөндү массивин өздөштүрүү жөнүндөгү сунушу Кыргызстан КП БКга жөнөтүлөт. Кыргызстан Компартиясынын Борбордук Комитети бул сунушту жактырып, КПСС БКга жана СССР Министрлер Советинин кароосуна коет.

Москва мындай ири өлчөмдөгү чыгымды талап кылган Бүргөндү өрөөнүн өздөштүрүү долбооруна каршы чыгат.

Бул маселе КПСС Борбордук Комитетинин Саясий Бюросунда талкууланып, маселе Генералдык сектертарь Л.И.Брежневдин кыска бир сөзү менен чечилет: «Надо, если надо дать!»

1973-жылы 11-июнда Кыргызстан Коммунисттик партиясы менен Кыргыз ССР Министрлер Советинин кошмо Токтому чыгып, анда Токтогул ГЭСинин курулушу менен 30 миң гектарга жакын жер суу астында калгандыгы, анын ордун толуктоо Бүргөндү массивин өздөштүрүү аркылуу жүргүзүлө тургандыгы айтылат. 15 пункттан турган бул Токтомго ылайык «Кадамжай» совхозунун 4-5-бөлүмдөрүнүн базасында «Бүргөндү» совхозу уюштурулат. Совхозду уюштурууга ошол кездеги Кыргызстан КП Фрунзе райкомунун биринчи катчысы Дадан Султанов жетекчилик кылып, «Бүргөндү» совхозунун директорлугуна ага чейин «Кадамжай» совхозунун директору болуп иштеген Орун Абдырахманов, башкы бухгалтерлигине Эшбай Кадыровдор дайындалат.

Бүргөндүнү өздөштүрүүгө алгачкы дем ушинтип берилген.

                                                                                                  Чыйыр салуу оңойго турган жок

Мени жаңыдан уюшулган совхозго кадрлар бөлүмүнүн башчысы кызматына дайындашты. Күн-түн дебей тынымсыз иш башталды. Бүргөндүгө «Үч-Коргон», «Баткен» ПМКлары, Кадамжай МСОсу, УСМ сыяктуу бир нече курулуш уюмдары келип, фин үйлөрүн Жаңы-Жер айылына куруп, 1973-жылдын кеч күзүндө адамдар үйлөргө көчүп кире башташты. Суу чыгаруу маселеси Баткендеги коллониянын жетекчиси Тушинскийге жүктөлүп, каналдын суу бөлүштүргүчүн куруу ишине Матек Коешов жетекчилик кылды. «Бүргөндү» ПМКсынын начальниги Люсик турак үйлөрдү куруп, элди таза суу менен камсыздоо ишине баштан аяк Муксин Абдикаримов жетекчилик кылды. Ошентип 1974-жылдын апрелинде насос менен суу чыкса, 1975-жылы Бүргөндүгө канал аркылуу суу келди.

Бүргөндүнү өздөштүрүүгө Фрунзе райкомуна жаңыдан жетекчи болуп келген Муктар Нургазиевдин да эмгеги аябай чоң болгон. Бул киши темирдей тартипти талап кылган, ишти аягына чейин аткарган мыкты жетекчи эле. Миң-Чынар айылын түптөөгө ушул киши чоң салым кошкон.

«Бүргөндү» совхозу алгач уюшулганда негизинен пахтачылык жана жүзүмчүлүк багытын карманган. Совхоздун директору Орун Абдырахмановдун жетекчилигинде мол түшүм алынып, жүзүм өндүрүүнү 1860 тоннага чейин жеткиргенбиз.

Айта кетүүчү нерсе, «Бүргөндү» каналы «Бүргөндү» совхозун гана суу менен камсыздоо үчүн курулган. Ал эми Кыргыз-Кыштак, Алга, Халмион айыл өкмөттөрүнө маалында Кампир-Абад суу сактагычынан суу алып келүү маселеси СССР Министрлер Советинин атайын Токтому менен бекитилген. Бул багытта атайын Токтом да кабыл алынган. Кийин бул айыл өкмөттөрүндө суу аябай тартыш болгонуна байланыштуу Р-7, Р-8 латоктору курулуп суу берилген. Мен «Бүргөндү» каналы кеңейтилет деп ойлойм. 

Өзүм 1979-1986-жылдары Бүргөндү айылындагы жамааттык кошуундун төрагасы, 1986-1993-жүзүмчүлүк бөлүмдө башчы, улук аграном, 1993-1996-жылдары Ак-Турпак айыл өкмөтүнүн башчысы, 1999-2000-суу чарбасында иштеп пенсияга чыктым. Азыр Ак-Турпак айыл өкмөтүндө аксакалдар сотунун төрагасы болуп иштеп жатам.

                            Жазган: Султанмурат Жаркынов, Бүргөндү айылы

                          Автордун стилистикасы менен грамматикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7261
Көп окулду
Учурда окулуп жатат
×