Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Сүлүктү 15.10.2015 09:38

Айыл турмушу: 27 жаштагы А.Кучаров Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун хирургия бөлүмүн 2 жылдан бери жетектеп келет (фото)

Turmush -  Баткен облусундагы Сүлүктү шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун хирургия бөлүмүн 27 жаштагы Акпарали Кучаров жетектөөдө. Мен бул борборго Саламаттыкты сактоо министрлиги тарабынан берилген депозиттин негизинде келип, иштеп жатам, деп маалымдады ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

IMG_20151012_122009

Дарыгер белгилегендей, депозиттин максаты — жаш кадрларды айыл жергесине тартууга багытталат. Мында жаңы окуу жайды бүтүп, эмгек жолун баштоону каалаган жаш кадрлар министрлик менен түзүлгөн келишимдин негизинде, кайсы бир аймакка барып 3 жылдык мөөнөткө чейин иштейт. Ал ортодо иштегендиги үчүн жаш кадрга ай сайын төлөнүүчү маянадан тышкары, 3 айда 1 ирет кошумча айлык төлөнөт. Ошонун негизинде жаш кадр өзүнүнүн жеке жашоосун бир нукка салып, өз кесиби менен иштөөнү да жолго коюп алат.

«Азыркы тапта окуу жайды бүткөн жаштардын бары эле шаарда иштеп калууда. Ошондон улам аларды айыл жергесине барып иштөөгө кызыктыруу үчүн министрлик тарабынан депозит ишке киришкен. Депозиттин негизинде иштеп жаткан жаш адис ар бир 3 айда аткарган иштери боюнча министрликке отчет берет. Ошонун негизинде 3 айда бир ирет кошумча айлык төлөнүп берилет», - деди А.Кучаров.

Маек учурунда белгилүү болгондой, А.Кучаров Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясында билим алып, аны аяктаган соң 2 жыл Бишкек шаарындагы М.Мамакеев атындагы госпиталда ординаторлукта билимин өркүндөтүү менен иш тажырыйбага да ээ болгон.

«Бул жакка келгениме 2 жыл болду. Келер замат эле шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери хирургия бөлүмүн жетектөөнү тапшырды. Албетте, уккан адам жаңы окууну бүтүп келген жаш дарыгерди бөлүм башчы кылып дайындады, демек, бул жерде кандайдыр бир мандем бар деген ойго келиши мүмкүн. Мунун себеби бирөө гана — бул жерде жогорку билимдүү кадрлар жетишпейт. Ошондон улам хирургия бөлүмүн жетектеп отурам. Экинчиден бөлүм башчы болгонго иш тажырыйбасы жетишсиз, иш жүзүндө оорулууларды кантип карайт болду экен деген суроолор жаралышы мүмкүн. Кудайга шүгүр бул жаатта тажырыйба топтой алдым. Андан тышкары бул жерде тажырыйбалуу хирург дагы бар. Ал киши башкы дарыгердин орун басары болгондон улам, бир эле учурда бөлүм башчы болууга мыйзам тарабынан жол берилбейт экен. Андан жумушума байланыштуу документтерди толтурууда, айрым оор абалдагы бейтаптарды кароодо кеңеш сурап турам, жардамын аябайт. Ошонун негизинде азыркы тапта бейтаптарга колдон келген жардамдын барын аябай берип жатабыз. Учурда бул жерде урологиялык ооруларды, травмаларды, кулак, мурун, тамак, ооз көңдөйүнө байланыштуу дартка кабылгандарды дарылап жатабыз», - деп кошумчалады бөлүм башчы.

IMG_20151012_121942

«Бул жакка келгениме 2 жыл болду. Келер замат эле шаардык жалпы дарыгерлер практикалык борборунун башкы дарыгери хирургия бөлүмүн жетектөөнү тапшырды. Албетте ар бир эле адам жаңы эле окууну бүтүп эле бөлүм башчы болду, демек, бул жерде кандайдыр бир мандем бар, деген ойго келиши мүмкүн. Мунун себеби бирөө гана—бул жерде жогорку билимдүү кадрлар жетишпейт. Ошондон улам хирургия бөлүмүн жетектеп отурам. Экинчиден бөлүм башчы болгонго иш-тажырыйбасы жетишсиз, иш жүзүндө оорулууларды кантип карайт болду экен, деген суроолор жаралышы мүмкүн. Кудайга шүгүр бул жаатта тажырыйба топтой алдым. Андан тышкары бул жерде тажырыйбалуу хирург дагы бар. Ал киши башкы дарыгердин орун басары болгондон улам, бир эле учурда бөлүм башчы болууга мыйзам тарабынан жол берилбейт экен. Андан жумушума байланыштуу документтерди толтурууда, айрым оор абалдагы бейтаптарды кароодо кеңеш сурап турам, жардамын аябайт. Ошонун негизинде азыркы тапта ооруулуларга колдон келген жардамдын баарын аябай берип жатабыз. Азыркы тапта бул жерде урологиялык оорууларды, травмаларды, кулак, мурун, тамак, ооз көңдөйүнө байланыштуу дартка кабылгандарды дарылап жатабыз», - деп кошумчалады бөлүм башчы.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×