Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 15.10.2015 09:30

Айыл турмушу: 25 жаштагы таластык ишкер Ыйманбек өрдөк, үндүк багуунун сырларын айтып берди (фото)

Turmush -  Талас районунун 25 жаштагы тургуну Кадырбек уулу Ыйманбек өрдөк жана үндүк багуу менен ишкерлик кылат, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ыйманбек Кадырбек уулунун айтымында, бул ишти ал 2 жылдан бери аркалап келет. Биринчи үндүк багуу менен алектенип, кийин өрдөк багууну да колго алган.

«Үйдүн жанында суу кенен. Сууга өрдөктөрдү кое берип багууга толук мүмкүнчүлүк бар. Учурда 100дөн ашуун үндүктөрдү семиртип, саттык. Эми 130дай өрдөгүбүз бар, аларды да багып жатабыз», - дейт Ыйманбектин атасы Кадырбек.

Ыйманбек буга чейин дөңгөлөк желимдөөчү жай ачууну пландаган, бирок канаттуу багып, ишкерлик кылууну туура көргөн. Өрдөктү жазында жөжө кезинде сатып алып, кышында семиртип сатат.

«Суу бизге жакын болгондуктан канаттуулар жем-чөптү аз талап кылышат. Үндүк жана өрдөк багуу иши жеңил, күндүз айдап барып каналга киргизем. Кечинде өздөрү келишет. Жаз алдында 25 үндүктү бастырдым. Азыр канаттуу багуу кирешелүү иш болууда. Жаңы жылдын алдында үндүктөр 1200-3000 сомго чейин баа болот», - дейт Ы.Кадырбек уулу.

1

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×