Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Талас облусуТалас району 14.10.2015 17:39

Айыл турмушу: Таластык ойлоп табуучунун аппараты күнүнө алмадан 1 тонна шире чыгарууда (фото)

Turmush -  Талас районуна караштуу Кара-Суу айылынын 29 жаштагы тургуну Райымберди Сапаралиев алманын ширесин сыгуучу аппарат ойлоп таап, бүгүнкү күндө айыл элине кызмат кылууда, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Р.Сапаралиевдин айтымында, ал алма, алмурут жана башка өсүмдүктөрдүн ширесин алуучу аппаратты 3 жыл мурун ойлоп тапкан. Ага жалпысынан 40 миң сом жумшап, ар кандай техникалардын жарабай калган тетиктеринен жасаган.

Азыр Кара-Суу айылы гана эмес райондун бардык айылдарынан кардарлар келишет. Ал бир күндө 1 тоннага жакын алманын ширесин чыгарат.

Мындан сырткары, айыл чарбасы, мал чарбасы ошондой эле темир ширетүүчү цехи да бар. Бардык ишке жетишкен Р.Сапаралиевдин келечекте айыл чарба техникаларынын башкача варианттарын ойлоп табуу планы бар.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×