Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 14.10.2015 17:02

Айыл турмушу: Ак-Суунун тургуну Э.Кожоналиев ата-бабасынан калган өнөрдү мурас тутуп темирден түрдүү буюмдарды жасоону улантууда (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районундагы Бөрү-Баш айылынын тургуну Эркин Кожоналиев кол өнөрчүлүк менен 20 жылдан бери алектенет. Негизинен аттын ээрлерин пайдалануу үчүн жана сувенир иретинде жасайбыз, деп билдирди ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

Анын айтымында, ал чогуу иштеген жардамчылардын жардамы менен колдонуу үчүн ээрлерди бир күндө даярдайт. Ал эми сувенир ээрлерди жасоо үчүн 7 жума убакыт кетет.

«Ээрлер жасалгасына, сапатына карата 20 миңден 60 миң сомго чейин бааланат. Темирден түрдүү буюмдарды жасоону чоң атам үйрөткөн, атам да уста болгон. Мен алардын өнөрүн улантып келе жатам. Акыркы күндөрдө балдар ойноочу машина жасап чыгардым. Керектөөчүлөр аны 5 миң сомдон сатып алууда», - деди Э.Кожоналиев.

Чебер жасалган буюмдар көпкө турбай, өз кардарын табарын кошумчалады.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×