Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусуЛейлек району 14.10.2015 09:49

Айыл турмушу: Исфана шаарында 40 жылдан бери таксист болуп иштеген Н.Мурзаев күнүнө 300 сом таап, үй-бүлөлүк керектөөлөрүнө жеткирет (фото)

Turmush -  Баткен облусундагы Исфана шаарынын 61 жаштагы тургуну Насурулло Мурзаев 40 жылдан бери айдоочулуктан тапкан каражаты менен үй-бүлөсүн багат. Менин жумушум таңкы саат 06:00дөн башталат, деп билдирди ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

Анын айтымында, күнү унаасынын абалын, майын бир ирет текшерип алуу менен башталат. Андан соң жумуш орду болгон Исфана шаарынын унаабекетине келет. Ал жерде өзү сындуу айдоочулар менен Исфана—Сүлүктү каттамына каттоо үчүн кезек алуу максатында чүчүкулак кармайт. Эгерде чүчүкулактан жол болсо 1 күндө Исфанадан Сүлүктү шаарына 3 ирет каттаса болот.

Мен бул жумуштан тапкан каражат менен 2 кыз 1 уулду эрезе жеткирдим деген Н.Мурзаев: «Алгач 1976-жылы Исфана шаарындагы автобазада эмгек жолумду баштадым. «Волга 24» үлгүсүндөгү унаа менен Исфана шаарынын ичинде таксист болуп баштагам. СССР тарап кеткен соң ар ким ар жакка чачырап кетти. Ар ким колдон келген ишин жасап калды. Ош—Бишкек каттамында да көп жыл иштедим. Азыр жашым өткөнгө байланыштуу Исфана—Сүлүктү каттамында гана иштеп жатам. Бул жерде айдоочулар ортосунда тартип киргизилген. 1 күн Исфана шаарынын ичинде иштейбиз, 1 күн Исфана—Сүлүктү каттамында иштемей. Антпесең такси көп, күн сайын 60ка жакын унаа чыккандыктан кезек күтүп отуруп эле убакыт өтүп кетет. Ошондон улам тартипти сактайбыз. Күнүнө эки каттам кылууга аракет жасайбыз. Ошондо пайда көбүрөк болот. Азыркы тапта айдап жүргөн «Опель» үлгүсүндөгү унаа жашоомдогу 3-менчик унаам болуп эсептелет. Буга чейинки айдаган унаалар «Волга 24» үлгүсүндө эле. Азыр бул унаанын көп жерлерин түшүнө бербегеним менен айрым жерлерин өзүм оңдоп жатам. Түшүнбөгөн жерлерин оңдотуу үчүн устага барууга туура келген учурлар да болот», - деди.

Ал белгилегендей, айрым учурда таксистти жекече жалдагандар да болот. Кардарларды ар кандай той-аштарга, мааракелерге алып барып келет. Мындан тышкары айына 300 сомго лицензия менен патент алып, мамлекетке да өз салыгын төлөп турат.

«Исфана—Сүлүктү каттамында жол кире бир адамга 50 сом. Ошондо 1 ирет барып келсең 400 сом болот. Күнүнө эки каттам жасасаң 800 сом табасың. Бирок анын жарымына эле бензин куюуга туура келет. Ошентип 400 сом калат. Анын да 80 сомуна арзан баадагы тамак жейсиң. Ошону менен 300 сомдун тегерегинде пайда калат. Ошого каниет кылып жашап, тиричилик өткөрөбүз», - деп кошумчалады айдоочу.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×