Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.10.2015 18:54

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 78 жаштагы тургуну Г.Латыпов өмүр бою ГЭСтердин курулушунда иштеген (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 78 жаштагы тургуну Габдул-Каюм Латыпов Кара-Көл шаарындагы ГЭСтердин курулушуна зор салым кошкон.

Г.Латыповдун Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, анын ата-энеси 1930-жылы Кыргызстанга көчүп келип, Кызыл-Кыя көмүр шахтасында шахтер болуп иштеген.

1955-1963-жылдар аралыгында Г.Латыпов атасынын жолун жолдоп, алгач Кызыл-Кыя шахтасында машинист, жер астынан казып өткөөл чыгаруучу адис, электр тарткыч болуп иштеген. 1963-жылы Токтогул Каскаддар ГЭСтерин курууга тартылган.

Анын айтымында, Токтогул жана Күрп-Сай ГЭСтериндеги 1000, 800 метирлик туннелдерди бир сутка бою курган күндөр болгон. Эң акыркы жолу Токтогул ГЭСиндеги 3 чакырым аралыктагы туннелди курууга катышкан.

«Менин бүт өмүрүм ушул эки тоонун арасында өтүптүр. Ошол 1963-жылдарда 15 республикадан келген 20-25 жаштагы «Алтын жаштар» комсомолдун мүчөлөрү Токтогул ГЭСин кура баштадык. Анда 30-35 жаштагы жумушчулар сейрек гана болчу. Нарын дарыясынын боюнда иштей баштадык. Ошол кезде кышында 40 градуска чейин суук болор эле. Жайында күн ысык болчу. Ошентип жумасына 6 күн, 6 сааттан иштейт дегени менен суткалап тынбай иштеген күндөрүбүз болду. Анткени, туннелди биринчи тешип, бетондоп, үңкүрдү казып, чукуп бүтмөйүнчө үйгө барчу эмеспиз. 1964-65-жылдардагы кыш суук, ызгардуу болду. Кийген өтүктөрүбүз тоңуп, кир болуп үйгө барчубуз. 1975-жылы башыман жаракат алып, 2-топтогу майып болуп, оор жумуштан жеңил жумуштарды гана жасаганга өттүм. Мен бул жерде 1993-2010-жылга чейин иштеп, 5 жыл мурун пенсияга чыктым», - дейт Г.Латыпов.

«Союз мезгилинде бизге Москвадан, Фрунзеден батир беребиз деп сөз беришкен. Анын бири дагы аткарылган жок. Союз өзү урап жок болду, ушул жашап жаткан үйүмдү 3 жыл соттошуп жатып, араң өзүмө өткөрдүм. «Эмгектин ардагери», «Токтогул ГЭСинин ардагери» сыяктуу бир нече наамдарым бар. Бирок, эч нерседен жеңилдик жок. Болгону аз гана пенсия алам», - деп кошумчалады Г.Латыпов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×