Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЫсык-Көл району 13.10.2015 18:34

Айыл турмушу: Ысык-Көлдө атка така кагып иштеген А.Илязов кирешесин үй-бүлөлүк керектөөлөрдөн тышкары кайрымдуулукка жумшаганга да жеткирет (фото)

Turmush -  Ысык-Көл районунун Кароол-Дөбө айылынын тургуну Акылбек Илязов атка така жасап, кагып тапкан кирешесин 2 баласын жогорку окуу жайга окутууга, жашоо-тиричиликке жана айылдагы аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жардам берүүгө жумшайт. Атка така жасап, кагуу атамдан калган өнөр, деп билдирди ал Turmush басылмасынын кабарчысына берген маегинде.

Анын айтымында, өзүнүн короосуна чакан устакана ачып атка така, темир, жыгачтардан түрдүү чарбалык буюмдарды жасаганга шарт түзүп алган.

«Өзүбүздүн айылдын тургундарынан тышкары коңшу айылдын жашоочулары да келип атка така кактырып кетет. Негизи жылкы баласын карап, така кактырып туруу керек. Мен жасаган буюмдарга суроо-талап көп, андыктан күн сайын иштегенге туура келет», - деди А.Илязов.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×