Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.10.2015 13:38

Айыл турмушу: Жети-Өгүздө тургундардын суранычы боюнча жеке ишкер жүндү кайра иштетүүчү цех иштетүүдө (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районундагы Оргочор айылынын жашоочуларынын кайрылуусу менен айыл тургуну Алмаз Көлбаев жүндү кайра иштетүүчү цех ачкан, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Алмаз Көлбаевдин айтымында цехте иштетилип жаткан жүн тытуучу, жуучу станоктор Греманиядан алынып келинген. Алдыда дагы кошумча жабдыктарды алуу планы бар.

Учурда ишканада 5 кызматкер иш алып барат. Жай мезгилинде жумуш өзгөчө күчөп, кошумча жумушчулар ишке алынып, алар күнүнө 1000 сомдон эмгек акы алат.

Жүндү кайра иштетүүчү бул цех маал-маалы менен элге акысыз кызмат көрсөтүү менен кайрымдуулук ишин жасап турат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×