Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 13.10.2015 13:38

Айыл турмушу: Кара-Көлдүн 67 жаштагы тургуну В.Титова короосунда гүлдөрдүн түрүн өстүрөт (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 67 жаштагы тургуну Вера Титованын короосунда гүлдүн жана бадалдардын түрү өсөт, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

В.Титованын айтымында, 40 жылдан бери жумушунан кийин бош убактысын короосундагы гүлдөрдү жана жашылчаларды өстүрүү менен алектенет.

Короосунда георгина, күзгү бутактуу хризантеманын 4 түрү, китай розасы өңдүү гүлдүн бир нече түрү өсөт.

«Мен гүлдөрдү өстүргөндү жактырам. Мындан тышкары жашылчалардын баарын өстүрөм. Алардан кышкыга кыям, салаттын түрүн жасайм. Жер -жемиштин түрү, мөмө-жемиштин баары бар», - дейт В.Титова.

Ал 1974-жылы Фрунзедеги Политехникалык институтту бүтөргөн. Кесиби инженер-куруучу-конструктор. Учурда Ка-Көлдөгү долбоор изилдөө иниститутунда иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×