Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 13.10.2015 08:49

Айыл турмушу: Жайкысын чет элдик туристтерди кабыл алган саруулук ишкер эми муз аянтчасын курат (фото )

Turmush -  Жайкысын бир катар өлкөлөрдөн эс алуучуларды кабыл алган Жети-Өгүз районунун Саруу айылындагы жеке ишкер Дамир Алиев эми кышка карата муз аянтчасын курат.

Д.Алиев Turmush басылмасынын кабарчысына билдиргендей, ал кышкысын да эс алуучуларды кабыл алат.

«Саруу айылынын жогору жагына «Меймандос» эс алуу жайын ачкам. Быйыл бир катар өлкөлөрдөн туристтер келишти. Келген меймандар үчүн баардык шарттар түзүлгөн. Быйыл эс алуучулардын саны арбын болгондуктан кышкысын муз аянтчасын курууга аракет кылып жатам», - дейт ишкер Д.Алиев.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×