Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Баткен 12.10.2015 16:13

Айыл турмушу: Баткендин 70 жаштагы тургуну Т.Курбанбаева баш кошуп жаткан жаштарга сүйүүнүн символун тартуулоону адатка айлантып алган (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын 70 жаштагы тургуну Ташкен Курбанбаева баш кошуп жаткан жаштарга арнап сүйүүнүн символу болгон ак көгүчкөндөрдү тартуулоону адатка айлантып алган.

Т.Курбанбаева, «Манас» комплексиндеги Манас баатырдын эстелигине алып барган 100 метр жогору көтөрүлүүчү тепкичке килем төшөп, үйлөнүп жаткан эки жаш үчүн даярдап келген ак көгүчкөндөрүн ыроолойт.

«Менин тилегеним эле баш кошкон жаштардын кармашкан колдору үзүлбөй, бактылуу жашашса экен», - деди Ташкен Курбанбаева аймактык кабарчы менен болгон маегинде.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×