Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.10.2015 14:55

Айыл турмушу: Жети-Өгүздүн кышы 7 айга созулуп, суук -40 гардуска жеткен Ак-Шыйрак айылындагы тургундардын жашоо-турмушунан фоторепортаж

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун эң алыскы Ак-Шыйрак айыл аймагынын жаратылышынын сулуулугу жана анда жашаган тургундардын жашоо-турмушу менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышып кайтты.

Ак-Шыйрак айыл аймагы райондун борборунан 300 чакырым алыстыкта жайгашкандыктан ага жетүү оңой эмес. Ал үчүн Сөөк ашуусун жана «Кара-Сай» чек ара бекетинен өтүүгө туура келет.

Жолду ката аркар, түлкү жана башка ушул аймакты байырлаган жаныбарларды учуратууга болот. Сырт аймагында кыш 7 айдан узак созулуп, суук -40 градуска жетет. Ак-Шыйрак айыл аймагына Ак-Шыйрак, Үч-Кошкон, Кара-Сай айылдары кирип, алар деңиз деңгээлинен 3 миң 820 метр бийиктикте жайгашкан.

Бул айылдарга барардан мурун медициналык текшерүүдөн өтүү зарыл. Анткени кан басым, жүрөк оору өңдүү ооруларга кооптуу абал жаралышы мүмкүн.

Ак-Шыйрак, Үч-Кошкон, Кара-Сай айылынын жашоочулары жана Пикертык аймагында кыштоо үчүн калган тургундар мындай аба ырайына көнүп калгандыктарын айтып, климаттык шарты оор болсо да жаратылышы кооз мындай жерди таштап кетпей турганын билдиришти.

Бүгүнкү күндө аталган үч айылдагы 78 түтүндө 548 адам жашайт. Алар негизинен мал чарбачылык менен алектенет. Бул жерде мобилдик байланыш жок. Үч-Кошкон айылы райондун борбору менен рация аркылуу байланышып турушат.

Мындан тышкары Ак-Шыйрак айыл аймагынын жашоочулары «Кара-Сай» жана «Ак-Шыйрак» чек ара постундагы байланышты колдоно алат.

Үч-Кошкон айылынын жашоочуларынын айтымында, аталган айыл аймакта аз адам жашаганы менен алар биримдикте көп иштерди аткара алат.

«Бул жерде болгону 500дөн ашык тургун бар. Алар Жети-Өгүз районунун ар кайсы айылдарынан келишкен. Менин ата-энем өмүр бою ушул жерде жашап келет, мен да бул аймакта төрөлгөм. Бул аймактын жашоочулары абдан ынтымактуу, мамлекеттик майрамдарды, Жаңы жыл майрамын да биргеликте белгилейбиз.

Бул жакка келген жолдун алыстыгы жана түйшүгүнө карабастан башка район, айылдардын жашоочулары менен кудалашабыз. Кыз берип, уул үйлөнтсөк кудаа тосуу сыйын жогорку деңгээлде өткөрөбүз. Биздин айылга келгендер жаратылыштын табигый сулуугуна суктанып кетишет. Мурда кудаа күткөн адам Ысык-Көл облусуна барып конок тосчу. Азыр болсо тескерисинче коноктор айылга келишет, биз айылдаштар конок тоскон үйгө барып барыбыз жардам беребиз. Барыбыз бир туугандай болуп калдык. Бул жерде жашоо кызыктуу жана өзгөчө», - деди Үч-Кошкон айылынын жашоочусу, жергиликтүү кеңештин депутаты Нуржамал Сатылканова.

Чынында бул жерде чыныгы көчмөндөрдүн жай турмушун байкоого болот. Айыл бардык тарабынан тоолор менен курчалып, мал-жандык абдан көп.

Бул жердеги жашоочулар Ысык-Көл облусун таза эт менен камсыз кылып турат. Ак-Шыйрак айыл аймагынын тургундарынын меймандостугу да өтө  жогору.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×