Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.10.2015 12:28

Айыл турмушу: Жети-Өгүздө айымдар кийизден ар түрдүү азем белектерди жасап, аны Япония, Кореяга жөнөтүшөт (фото)

Turmush -  Жети-Өгүз районунун Саруу айылында жайгашкан «Ажайып» үй-бүлөлүк ресурстук борборунда иштеген айымдар азем белектерди жасап, аны Япония, Кореяга жөнөтүшөт. Бул тууралуу Turmush басылмасынын кабарчысына аталган борбордун жетекчиси Рапия Ашымканова билдирди.

Анын айтымында, элеттик айымдар 2007-жылы тигүүчү машиналар менен ишти башташкан.

«Азыркы тапта 20га жакын айым эмгектенип, кол өнөрчүлүктү өркүндөтүү максатында иш алып барып жатабыз. Биз кийизден азем белектерди жасап, аны келишимдик негизде Японияга, Кореяга жөнөтөбүз. Алар жүндөн жасалган азем белектерге баа беришет. Учурда түшкөн каражаттын эсебинен тигүүчү жаңы машиналарды алдык», - дейт Р.Ашымканова.

Ошондой эле, ал бул жерде иштеген айымдар бир апта сайын маяна алып турушарын белгиледи.

«Бул ишти облустун аймагына жайылтууну пландап жатабыз. Биз жасаган азем белектер ар бир апта сайын чет өлкөлөргө жөнөтүлүп турат», - дейт ишкер айым.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×