Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Жалал-Абад облусу, Кара-Көл 12.10.2015 12:00

Айыл турмушу: Кара-көлдүк мугалим А.Дехничтин жеке китепканасында 300дөн ашуун китеп бар (фото)

Turmush -  Кара-Көл шаарынын 53 жаштагы тургуну Анна Дехничтин үйүндө 300дөн ашык китептин түрү бар, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

А.Дехничтин айтымында, ал М.Фрунзе атындагы №3 орто мектепте математика сабагынан мугалим болуп иштейт. Бош убактысында гүл өстүрүп, китеп окуу менен алектенет.

«Үйдөгү китептер жана гүлдөр ата-энемден калган мурастар. Гүлдү апам Тамара аябай жакшы көрчү. Ал эми китептерди совет доорунда ата-энем топтоп, үй-бүлөлүк китепканага айланткан. Ошол кезде китеп өтө баалуу жана жетишсиз болгон экен. Бул 300дөй китептин арасында тарыхый, фантастика жана башка жанрдагы чыгармалардын баары бар. Мен баарын окуп чыккам», - дейт А.Дехнич.

Ал ата-энеси менен сыймыктана тургандыгын белгиледи.

«Апам өмүр бою Кара-Көлдүн ооруканасында медайым болуп иштеген. Айрыкча кактус менен фиалка гүлдөрүн жактырчу. Менин гүлгө болгон сүйүүм, апамдан өткөн окшойт. Ал каза болгонуна быйыл 3 жылдын жүзү болду. Азыр мен гүлдөрдү карайм, аларды көрүп апамды эстейм. Мен дагы фиалканы жактырам, ал эми кактус бир күн гана аппак болуп гүлдөйт дагы, эртеси жок болуп калат. Ал эми атам Габдул-Каюм Латыпов гидрокуруучу болуп иштеген. Мен ата-энем менен сыймыктанат. Анткени алар Кара-Көлдүн энергетика тармагынын курулушуна салымын кошкон адамдар», - деп билдирди Анна Дехнич.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×