Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуЖети-Өгүз району 12.10.2015 11:45

Айыл турмушу: Жети-Өгүздөгү багбандардын жамааты 30 гектар жер аянтындагы бакты тамчылатып суугарууга өттү (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Жети-Өгүз районунун Кызыл-Суу айылынан 20 чакырым алыстыкта жайгашкан Кара-Булуң жарым аралында 27 үй-бүлө биригип, каралбай калган 30 гектар жерге мөмө-жемиш бактарын өстүрүшкөн, деп маалымдайт Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Тургундардын айтымында, алар 5 жылдан бери бул жерге мөмөлүү бак-дарактарды өстүрү үчүн көп каражат жана күч жумшаган. Мөмөлүү бактар быйыл алгачкы түшүмүн берди.

«Бирок бактар кичинекей болгондуктан бул жердеги 10 миң көчөттөн 500 кг алма алдык. Келечекте ар бир түп алма 500 кг, алмурут 700 кг түшүм берет деп ниет кылабыз. Бул жерге сугат сууну 10 чакырым алыстыктан алгандыктан, сугаруу маселеси кыйынчылык жаратчу. Быйыл гранттардын жардамы менен тамчылатып суугаруу системасын орнотуп, суу сактагыч курулду», - дешти бак тиккен тургундар.

Алар белгилегендей, облуста алма, алмурут, карагат жана башка мөмөлөрдүн жергиликтүү эндемикалык сорттору акырындап жок болууусу көйгөйгө айланууда.

«Аталган мөмөлөрдүн жергиликтүү сорттору карлик сортундагы көчөттөр менен алмаштырылып жатат. Биздин максат—таза, жергиликтүү бийик өскөн мөмө дарактарын өстүрүп, Ысык-Көлдүн таза сорттогу алмасун алуу», - деп кошумчалады багбан Чыныбек Абдыкеримов.

Маалым болгондой, 27 үй-бүлө бириккен жамаатты жергиликтүүлөр «Кайнар Булагы» деп атап аташат.

Ал эми жерди айыл өкмөтүнөн 49 жылга ижарага алышкан.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×