Бөлүмдөр
Ишемби, 19-октябрь
Ош облусуНоокат району 12.10.2015 11:55

Айыл турмушу: Ноокаттык фермер 120 кг эт берген койлордун санын 300гө жеткирди (фото)

Turmush -  Ноокат районунун Каракой айылынын 43 жаштагы тургуну Орозали Матиев баккан 1 кочкор 120 кг чейин эт берет. Кочкордун базардагы баасы 30 миң сомго чейин чыгат. 30 жылдан бери мал чарбачылыгы менен алектенген О.Матиев учурда 300гө жакын «гиссар» пародасындагы кой багып жатканын аймактык кабарчыга билидирди.

«Мен бала кезимден бери үй-бүлөбүз менен мал багып келебиз. Азыр багып жаткан «гиссар» пародасындагы койлор 7 жолу төлдөйт. Койлор 4 жашка толгонго чейин жакшы карасаң 120 кг эт алса болот. 1 койго жылына 50 кг жем берем. Андан тышкары Англиядан бодо малдын «калифорния» пародасын алып келип багып жатам. Бул пародадагы уйлар күнүнө 30 литр сүт берүүдө. Ошондой эле 1 тоннага жакын эт берет.

Буга кошо кыргыздар багып келген эчкилердин тукумун сактап калууга аракет кылуудабыз. Бул эчкилер ар кандай климаттык шартка жашай берет.

Ошондой эле 400дөн ашык топоз багам. Топоздор 400 килограммдан 1 тоннага чейин эт берет. Алар базарларда 40 миң сомдон 100 миң сомго чейин сатылат», - деди О.Матиев. 

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×