Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусу, Каракол 12.10.2015 10:15

Айыл турмушу: Караколдук чебер А.Марызаковдун кийиктин мүйүзүнөн алтын, күмүш кошуп жасаган ээрлерин чет элдиктер жогору баалайт (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусунун Каракол шаарында күмүш, алтын бастырылган ээрлерди, бугунун мүйүзүнөн асем буюмдарды жасаган чебер Алмаз Марызаковдун чеберчилиги менен Turmush басылмасынын кабарчысы таанышты.

Менин кол эмгектеримди чет өлкөдөн келген туристтер, өзгөчө арабдар жогору баалайт, деп билдирди ал кабарчы менен болгон маегинде.

А.Марызаков 20 жылдан бери ээр чаап, зер буюмдарды жасоо менен алектенет.

«Алгач жумушту чарбалык ээрлерди жасоо менен баштагам, андан соң кийиктин мүйүзүнөн темир кошпостон алтын, күмүш бастырып жасап баштадым. Ээрлерди сапаттуу, жылкынын жонуна чак кылуу үчүн бир нече ирет өлчөп көргөндөн кийин жасай баштайм. Жыгачтан жасалган ээрдин бышык болушу үчүн маал-маалы менен сууга атайын кошулмалар менен кайнатам. 1,5 саат муздатып, кайра 12 саат бышырып, көлөкөдө толук 1 күн кургатам. Бул баскычтардан өткөн соң кооздук менен кынаптап жасайм», - деди чебер.

Мындан тышкары А.Марызаков бугунун мүйүзүнөн аялдардын асем буюмдарын жасоону да өздөштүргөн. Ошондой эле анын эчки менен текелердин туягынан жасаган камчыларына суроо-талап арбын.

«Мындай кооз жана кылдат жасалган буюмдарды Түркия жана Араб өлкөлөрүнөн келген туристтер сатып алат. Ал эми товардын баасын кардар өзү бычат», - деп кошумчалады А.Марызаков.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×