Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Талас облусу, Талас 10.10.2015 09:57

Айыл турмушу: Таластык ишкер А.Якупжанов чакан ишканасынан бир аптада 300 кг колбаса чыгарып, аны Казакстанга экспорттойт (фото)

Turmush -  Талас шаарынын тургуну Аман Якупжанов колбаса чыгаруучу ишкана иштетип, үй-бүлөлүк кирешесин толуктап келет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Ишкер А.Якупжановдун айтымында, ал мусулман болгондуктан, ислам дининин тартиптерине ылайык адал колбасаларды чыгарат.

«Биздин цехте колбасалар «мусулман» деген белги менен чыгарылат. Цехке арам жана аныктама кагазы жок малдын эттери кабыл алынбайт. Бир аптада 300 кг колбаса чыгарабыз. Аларды Талас облусунан тышкары Казакстандын Жамбыл облусуна экспорттойбуз», - дейт ишкер.

Ал кошумчалагандай, колбасаларга уйдун майы, койдун куйругу кошулат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×