Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Баткен облусу, Баткен 09.10.2015 17:53

Айыл турмушу: Баткендик ишкер С.Осмонов жаштарды аракечтиктен арылтуу максатында машыгуу залын ачты (фото)

Turmush -  Баткен шаарынын тургуну Садыр Осмонов өз демилгеси менен шаарга чакан спорт менен машыгуучу зал ачып, жаштарды сергек жашоого чакырууда. Алкоголдук ичимдик ичип, ар кандай кылмыштарга кириптер болгондорду спорттук жашоо образына тартуу максатында ушул залды ачтым, деп билдирди ал Turmush басылмасынын кабарчысына.

Анын айтымында, спорттук залды куруп, ичине керектүү жабдыктарды алуу үчүн жалпысынан 10 миң доллар керектелген. Бул сумманы С.Осмонов өзү каржылады.

С.Осмонов белгилегендей, учурда машыгуу залдагы кардарлардын катарын кыз-келиндер да толуктоодо. Өзгөчө кечке маал кардарлардын саны көп болот, деп кошумчалады ал.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×