Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Нарын облусу, Нарын 09.10.2015 16:52

Айыл турмушу: Жүндөн бут кийим жасоочу цех ачкан нарындык ишкер айым жергиликтүү 14 үй-бүлөнү жумуш менен камсыздады (видео)

Turmush -  Нарын районундагы Миң-Булак айылынын тургуну Бурулуш Жаманбаева көп жылдан бери жүндөн уютулган бут кийимдерди жасоочу цех иштетүү менен 14 үй-бүлөнүн мүчөсүн иш менен камсыз кылууда.

Turmush басылмасынын кабарчысы менен маектешкен Б.Жаманбаева жылына 400дөн ашык бут кийим жасап чет өлкөлөргө жөнөтө турганын билдирди.

Анын эмгегин чет өлкөлөрдөн келген туристтер да жогору баалашат. Цехте иштеген кызматкерлер эмгек акы татыктуу төлөнө турганын белгилешти.

Видео:

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×