Бөлүмдөр
Ишемби, 24-август
Жалал-Абад облусуТоктогул району 09.10.2015 15:09

Айыл турмушу: Токтогулдагы окуучулар сабактан кийин унаа жуучу жайда иштеп акча табышат (фото)

Turmush -  Токтогул шаарында мектеп окуучулары окуудан кийин унаа жуучу жайларда иштешет, деп билдирет Turmush басылмасынын кабарчысы.

Окуучулардын бири Каныбектин айтымында, ал 3 жылдан бери унаа жуучу жайда иштейт. Бул жайда иштеген окуучулар күнүнө 400-500 сомго чейин акча табышат.

«Мектептен кийин унаа жуучу жайда иштейм. Тапкан акчамды өзүмө керектейм жана үйдөгүлөргө жардам берем. Былтыркы жылы акча көп түшкөн. Быйыл унаа жуудурткандар аз болуп, акча аз болууда. Мектептен кийин ойноп жүрө бербей, бул жайда иштеп, ата-энеме жардам берем», - дейт окуучу.

Каныбек келечекте окуусун ийгиликтүү аяктап, аскер кызматы боюнча окуп билим алууну каалайт. Бул унаа жуучу жайда Каныбек менен кошо дагы 3 окуучу иштейт.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×