Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуАк-Суу району 09.10.2015 10:33

Кыргызстан жаратылышы: Лыжа жана сноубордду сүйгөн туристтерди кызыктырган Боз-Учук айылынын тоолору (фото)

Turmush -  Ысык-Көл облусуна караштуу Ак-Суу районунда лыжа жана сноуборд тебилчү тоолор арасында атагы чыккан Боз-Учук айылы орун алган, деп маалымдайт аймактык кабарчы.

Жергиликтүүлөр байкагандай, лыжа жана сноубордчулар эч ким баса элек тоолордо алгачкылардан болуп муз тепкенди жактырат.

Боз-Учук айылы облустун борбору Каракол шаарынан 36 чакырым алыстыкта жайгашып, деңиз деңгээлинен 1 миң 950 метр бийиктикте жайгашкан. Учурда айылда 3 миңге жакын киши жашайт.

«Азыр адам буту баспаган тоолордо лыжа же сноуборд тебүү кенен жайылып жатпайбы. Ошондуктан кышкысын айылга чет өлкөдөн көптөгөн фрирайдерлер келет. Биздин максат — айылды көтөрүү үчүн кышкы туризмди жандандыруу болууда», - деп билдирди айыл жаштары.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×