Бөлүмдөр
Шаршемби, 25-апрель
Нарын

Ой-пикир: Жумгалдагы мектептин жертөлөсүндө сабалган окуучунун өлүмү, чоңдордун чорт тепмей жоругу, - У.Кыргызтегин

Turmush -  Үстүбүздөгү жылдын 19-сентябрында, сабак учурунда Жумгал районунун Көк-Ой айылында 9-класстын окуучусу Жекшенбек уулу Эркинбек мугалимдердин шалаакылыгынан улам мектептин жертөлөсүндө салык салган жогорку класстын окуучуларынын токмогунан каза болуп отурат.

Рэкеттик иштен чыккан чырдан өлүм болуп, анын кесепетинен улам мектептин жетекчилери кызматтарынан кетти. Бирок премьер-министр Темир Сариев тыкыр иликтөө жүргүзгүлө деп вице-премьер-министр Дамира Ниязалиевага тапшырса да ушул күнгө чейин бир жыйынтык жок.

«Шайланган ашка, майлаган капчыкка» тойбойт болгон заманда алардан башка бир жан жоопкерчиликке тартылып, кызмат абалы каралып койгон жок.

Райондук билим берүү бөлүмүнүн башчысы Кубан Кыдыралиев мектептин абалы менен баш оорутпай шайлоо-шайлоо деп шайлоонун аркасы менен кызматын сактап калууну ойлоп партиялардын бирин жактап, мактап жүрдү. Ооба, жада калса айрым мугалимдер ушул кызматтан кетпей койду дегенге чейин барышат. Билим сапат, артыкчылыктар алдыга жылмак турсун артка кетти. Бийликтен көз салып, көзөмөлдөп койгон бир жан болгон жок.

«Бузулган элге бучуктан башкарма шайла» демекчи ар ким менен сый-урматты билбеген райондук билим берүүнүн башчысы алгач мектептен билим берүүнү күчөтүп, мугалимдер менен ар тармактуу иш алып барып иштесе болмок. Ошондой эле ар бир мектептин абалын, эшик-тешигинен бери көзөмөл кылып иштесе андан бетер сонун болчудай. Болбосо иш бөлмөсүнөн чыкпай эле отура берсек билим кантип алга жылып, тарбия туруктуу болот?...

Жаштарың чоңоюп алган соң улуулардын баскан жолунан тайбай «уядан көргөнүн алып» жүрүп олтурат…

Балдар мектептен эмнени үйрөнсө, аны келечегине, турмушуна колдонот, билимин мындан ары өркүндөтүп кетет. Бирок азыртан мектептерде, бала бакчаларда ушундай тарбиялар берилсе анда балдарыбыздын келечеги кантти экен?...

Азыркы келечек муунду ырааттуу түрдө тарбиялаган жан жок. Ар кимиси ар кайсынын башын айтып мээни тегеретет, мектепте мугалимдердин өздөрүнүн билим деңгээлдерин текшериш керек. «Кыргыздар мыкты болгон, баатыр болгон, айкөл болгон» дегениңди күнү жана түнү сайра, андан пайда чыкпайт.

Учурда мектептерде мурдагы стилде билим берилип, мурдагы жөрөлгөлөр айтылып келет. Заман өзгөрдү, жашоо татаалдашты. Ар бир бала менен керек болсо мугалим тил табышыш керек. Жатып алып эле баланча кылымда кыргыз мындай болгон дей берсең, анын пайдасынан зыяны көп!

Жазуучулар, акындар, драматургдар, художниктер, режиссерлор, композиторлор маданияттын адамдары чыгармаларын эмне үчүн жаратат? Чарчап эс алганда эрмек кылсын деп, бирок, негизги максаты ошол жерде жазылгандарды окуган адамга таасир-таалим берсин, жол көрсөтсүн, акылына акыл кошсун деген тилек менен жазат.

Биздин муун ошондой китептерди окуганда, кино көргөндө, оюн көргөндө кадимкидей ошол чыгармага берилип, анын каарманындай болууга аракет кылчу элек. Сөзсүз жардамы, таасири болчу.

Ырас, «Манасты» окууруң менен Манас болуп кетпейсиң, антсе да анын баатырдыгы, айкөлдүгү сенин дилиңе бекем орноп, анын кичине, кипкичине таасири кайсы бир жигиттик жакшы кылыкты жасоого жардам бербей койбойт. Азыркы жаштарды өзүңдүн баскан жолуң менен, анан да мыкты чыгармалар менен, эң негизгиси кыргызыңдын ыйык салттары менен тарбияла, ошондо майнап чыгаар…

Азыркы мугалимдер балдарга туура багытта билим бере албай келишет. Мектептеги айрым мугалимдер үймөлөктөшүп бурчка чогулуп же бир бөлмөдө чогулуп алып бир фирманын косметикасын таратып, соода кылып калышкан. Керек болсо кенже класстарга 11-класстардын окуучулары сабак берип калышкан. Мынадй жол менен окуучулар, балдар туура билим алабы?

Айтаарым Жумгал районунун Көк-Ой айылындагы курман болгон 9-класстын окуучусу боюнча иштин солгундап калышы. Топтошкон 8 окуучунун ичинен бирөө гана жоопко тартылып, ага кылмыш иши козголгону зээнди кейитет. Эмне үчүн мугалимдер, райондук билим берүү бөлүмү, акимдин социалдык тармак боюнча орун басары, билим берүү министринин орун басарларынын кызмат абалдары каралбайт?...

Болгону 1 окуучуга күнөө оодарып калганы чартаңбай тээп жүрүшөт. Мындай салкын мамиле менен рэкетчилик жоюлбайт. Көк-Ой айылындагы мектептин жертөлөсүнө эстелик тургузуп койсо деле көнгөн адат кала берет.

Топ салыкчылар толугу менен жазалансын. Райондук билим берүү бөлүмү баш болуп алардын кызмат абалдары каралсын, болбосо бул окуянын аягы  өтө жаман болот.

Бийликти бийлик кылган эл, ал эми элдин көйгөйүн, суроо-талабын чечкен бийлик болушу керек.

Жазган: Усман Кыргызтегин, Жумгал району

Автордун грамматикасы менен стилистикасы сакталды

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Кароолор: 7184
Көп окулду
×