Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ош облусу, Ош 08.10.2015 16:16

Айыл турмушу: Ош шаарындагы жаш устанын «темир кооздуктары» (фото)

Turmush -  Ош шаарынын 27 жаштагы тургуну Бахтияр Хакимжанов темирден ар кандай кооз буюмдарды жасоо менен алектенет. Б.Хакимжанов Turmush басылмасынын кабарчысы менен болгон маегинде бул өнөрдү белгилүү Адылжан устадан үйрөнгөндүгүн айтып берди.

«Ал учурда биз болгону оймо-чийменин «санта», «султан» жана «рутты» деген 3 гана түрү менен иштечүбүз. Ошол учурдан баштап эле кыялдануу менен изденип, ар кандай оймо-чиймелерди ойлоп таап, кооз жасалгаларды жасаганга аракет кылчумун», - деди Бахтияр уста.

Декоративдик жасалгалардын орточо баасы 50 сомдон жогору бааланып, анын баасы оймо-чиймелерине жана колдонулган материалына жараша болот.

«Буйрутма берген кардарлардын табитине жараша ар кандай темир тосмолорду жасайм. Мындай темир кооздуктардын чарчы метри 6 миң сомду түзөт. Мындай декоративдик жасалгалар мейманканалардын, турак үйлөрдүн жана эс алуучу жайларга көрк кошот», - деди жаш уста.

Ал эми декоративдик тосмолорду даярдоого анын көркөмдүүлүгүнө, оймосуна жараша орточо эсеп менен жарым сааттан ашык убакыт кетет. Мындай жасалгаларды кардарлар турак жайларды, тосмолорду, дарбазаларды, эшиктерди, балдар үчүн селкинчектерди кооздоо үчүн алышат.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×