Бөлүмдөр
Дүйшөмбү, 19-август
Ысык-Көл облусуТоң району 07.10.2015 17:50

Айыл турмушу: Социалисттик эмгектин 2 жолку жалгыз баатыры Т.Акматов 78 жаш курагында да жайлоого чыкты (фото)

Turmush -  Советтик доордо Кыргызстандын мамлекет башчысынын деңгээлинде кызмат өтөгөн адам, эмгек ардагери Таштанбек Акматов быйыл 78 жашка толду, дешет айылдаштары.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө да Таштанбек Акматов жайлоодо жашап, көнгөн ишин улантууда. Ардагер жаштайынан бери мал багуу менен алек. Азыр да анын ар бир күнү эмгектенүү менен өтүп жатат. Т.Акматов Социалистик эмгектин 2 жолку баатыры.

Кыргызстандын тарыхында Социалисттик эмгектин 2 жолку баатыры болуп бир гана Таштанбек Акматов сыйланган. Ал мындай бийиктикти кой багып, маңдай тер, ак эмгеги менен багындырган.

Кыргыз Эл баатыры өз айылынан алыс болсо да, элдин жашоо-шартына көз салып, элдин келечеги жөнүндө көп ойлонорун белгилейт.

Turmush басылмасынын кабарчысына маалым болгондой, Т.Акматов 1938-жылы Ысык-Көл облусуна караштуу Тоң районунда төрөлгөн. Орто мектепти аяктаган соң Көк-Сай колхозунда койчу болуп, андан кийин А.Скрябин атындагы айыл чарба институтунан билим алган. Үзүрлүү эмгегинин натыйжасында жүз тубар койдон жүз кырктан козу алуу менен өлкөнүн алдыңкы жана үлгүлүү чабаны болгон. Өлкө эгемендикти алган 1991-жылдан тарта Таштанбек Акматов өзүнүн жеке дыйкан чарбасын түзүп, жүздөгөн асыл тукум малды багуу менен алардын санынан да сапатын өстүрүүгө басым жасап келет.

Мээнеткеч аксакал учурда Кара-Саз тоосунда топоз, жылкы жана башка мал жандыктарын багууда. Таштанбек Акматов жогорку кызматтан кеткен соң эч кимден жардам сурабай, өз күчү, аракети менен мал чарбасын түптөдү. Жалпы кыргыз элинин кадырман карыясы боло алды, деп белгилешет жердештери.

Бул макала Turmush басылмасынын интеллектуалдык жана автордук менчиги болуп саналат. Материалды сайттан көчүрүп алуу редакциянын жазма уруксаты менен гана мүмкүн.
Пикирлер
Для добавления комментария необходимо быть нашим подписчиком
×